Фонддун максаты:
кыргыз тили жана адабияты жаатында илимий изилдөөлөр менен алектенген жаш окумуштууларга колдоо көрсөтүү.
КР маданий мурасына салым кошкон кыргыз адабиятынын чыгармаларынын жаш таланттуу авторлорун колдоо.
Бул максаттар үчүн фонд фонддун максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга кошкон өзгөчө салымы үчүн сыйлыктарды, стипендияларды жана башка сыйлыктарды уюштурат.
ЧЫНЫБАЙ ТУРСУНБЕКОВДУН КЫСКАЧА ӨМҮР БАЯНЫ
Турсунбеков Чыныбай Акунович 1960-жылы 15-октябрьда Нарын облусунун Нарын районундагы Жан-Булак айылында туулган. 1978-жылы Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектепти аяктаган. 1978-1983-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетинде окуган.
Чыныбай Турсунбеков
чыгармачылыгы
Чыныбай Турсунбеков
ЖАЗ
Жаш келиндей кызыл этек, Кызыл-тазыл гүл төрөп, Талаа-түздөн адырларга Акырындап жаз келет. Тоо бетинен кар козголуп, Сууга кубат кошулуп, Ар бир үйгө ээрчий кирет Ала-шалбырт досубуз. Соко артынан ээрчий учуп, Жер чокуйт топ чыйырчык. Тарс-тарс уруп терезени, Жаз жамгыры кыйынсыйт. Которум кой кыш каарынан Жазга жеткен каранжан Так секирген козу болуп, Чыга келет сарайдан. Терезени ачсам үйгө Кирет «бур-р» деп асыл жыт. Жашыл дүйнө жанды козгоп, Ойнойт канда асылдык.
Чыныбай Турсунбеков
АЛА ШАЛБЫРТ
Ар кай жерди жаза аттап, Болуп кышты узатмак Ала-шалбырт жаз келди Байчечекей кучактап. Кечке көчө, жер таптап, Бүткөн бою кар, баткак. Кыз узатат үйүнө, Ага болбой дардактап. Күүгүм менен шак гана Кирди шашып бакчага. Калды Алмагүл «шынк» этип: Ай, болбостур, шок бала! Жамгыр менен боюн жууп, Аппак болгон Кайың-Кыз Алдагайдан азгырат Боз балдарын айылдык. Жазга жүрөк элжиреп, Баткак, карга мейли деп, Жүрөм мен да талаада Балчык кечип, кар жиреп.
Чыныбай Турсунбеков
ШАМАЛ
Жанга кирип барат улам теребел Жаш баладай уктап жаткан мемиреп. Терезени, каалганы каккылап, Ырчы шамал ышкырынып элирет. Тал, теректи күн батышка жүгүнтүп, Удургутат асмандагы булутту, Жула качып илип койгон кирлерин, Аялдардын тынчын алып курутту. Көпөлөктү ээн-эркин учурбай, Чачат үйгөн саман, чөптү ар кайда. Жер эненин жеңил-желпи камгагы, Издеп келет тегеренип жанга айла. Тартат, жулкат чатырларын үйлөрдүн Суунун бетин сылап өтөт толкутуп. Балдар гана каршы чуркайт шамалга, Табийгаттын долу күчүн коркутуп.
Чыныбай Турсунбековдун чыгармаларын жана котормолорун көркөм окуу боюнча республикалык «Жылдыздуу жээк» конкурсу
Акын Чыныбай Турсунбековдун ырларын көркөм окуу боюнча "Жылдыздуу жээк" көркөм окуу конкурсу. Финалдык турга өткөн катышуучулар Ысык-Көл жээгинде жыл сайын уюштурулган “Акун Ысык-Көл” пансионатында өтө турган поэзия фестивалына катышууга жолдомо алат.
Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка конкурс жарыяланат
Конкурстун максаттары: -кыргыз тилинин көркөмдүгүн, байлыгын, тереңдигин даңазалоо; -кыргыз тилинде ыр жазган акындардын арасынан мыктыларын аныктоо; -акындардын талантын ачууга жана адабий жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү.
БИЗДИН ӨНӨКТӨШТӨР
Катышуучуларды пикири
“Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм” эссе сынагынын финалистти, Жорготаева Махпуба :
эссе сынагынын финалистти
“Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм” эссе сынагынын финалисти, Гулнур Касымбаева :
эссе сынагынын финалисти
2 поэзия фестивалы өткөрүлдү
Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Жылдыз жээк". Фестивалдын алкагында 2021, 2022 жана 2023-жылдары 200 000 сомдон байге фонду менен поэзия конкурстарынын финалы болуп өттү
Конкурстун катышуучулары
Жаңылыктар
Бул жерде аймактардагы мектеп окуучуларына берилген стипендиялар, мугалимдерди жана окуучуларды ИК жолдомолору менен сыйлоо ж. б. тууралуу жаңылыктар болот
-
Поэзия конкурсунун жыйынтыгы. Упай (балл) көрсөткүчтөрү
Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка жарыяланган ПОЭЗИЯ КОНКУРСУНУН ЖАЛПЫ ЖЫЙЫНТЫГЫ Урматтуу акын, калемгерлер! Сиздерге атайын -
Поэзия конкурсунун финалисттерин куттуктайбыз!
Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка жарыяланган поэзия конкурсунун финалисттери: 1. Толгонай Сариева 2. Канат Таалайбеков
Дагы суроолор калдыбы?
Арызды калтырыңыз, биз бардык суроолорго жооп беребиз
Фонддун жашоосу
Медиагалерея
