“Жылдыздуу жээк” фестивалындагы жагымдуу таасирлер

  1. Жазуучулар союзунун колдоосу менен Ч. Турсунбеков атындагы фонд уюштурган “Жаш толку 2022” конкурсуна өтүү өтө чоң сыймык болуп чоң кубаныч тартуулады.
  2. Пансионаттын өтө кооздугу, ыңгайлуулугу менен Нуржан Давлетбековнанын көзөмөлүндө өстүрүлгөн кооз гүлдөр (мындан тышкары дагы өтө көп жакшы иштердин автору) бир жагынан, экинчи жактан жан дүйнөсү таза акын агай, эжелер менен бирге болуу бул кири менен түйшүгү көп дүйнөдөн чыгып эң бир таза, аруу, поэзия дүйнөсүнө түшүп калгандай таасир калтырды.
  3. Баш байге менен Ч. Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка жетүү үчүн аракет кылып акындар арасында жарыш болгону, атаандаштык менен алдыга карай умтулганыбыз жакшы таасир берди. Ошондо дагы акындар өз ара ынтымагыбыз ажырабай биримдигибизге доо кетирген жокпуз.
  4. Уюштуруу иштериндеги мыкты даярдык менен ынтымактуу уюштуруучу команда – жетекчиликти аркалап, уюштуруу иштеринде көп жүргөн жеке мен үчүн суктанаарлык нерсе болду.
  5. Төртүнчү пунктагы оюмду толуктоо ирээтинде: буга чейин уюштурулуп келген адабий поэзия кечелер, ыр жазуу конкурстары, адабий фестивалдарды уюштуруу өзүбүздүн моюнубузда болуп бир жагынан катышуучу дагы милдетти аткарып жүргөн мага сырттагы адамдардын бизге ушундай фестиваль уюштуруп бергени жакты. Анын ичинде бардыгы алдын ала даярдалып камчы салдырбаган кызматкерлердин милдетин так аткарып жаткандыгы алкоого алаарлык иш болду. Жогорку баа берчү кызматкерлер көп экен алардын башында өз милдетин так аткарган (менин көз карашымда) Курумшиева Зейнеп Бактыбековна баш болуп жана башка дагы мен атын сурабай калган мыкты кызмат керлер. Мага жагымдуу сезим жараткан жери мен өзүмдү жөн кана катышуучу сезип өзүмдүн кана чыгармаларым менен алек болуп олтуруу мага жаңылык сезим болду.
  6. Акундун компанияларынын директор, жетекчилери жана Чыныбай агайдын жакшы тарбияланган уул, кыздары бой көтөрбөгөн жөнөкөй сапаттары менен суктандырды. Бул артыкчылыкты баса белгилеп кетпесе болбойт.
  7. Бир шаарда жашап жатып эле жоолуга албай, жоолуксак дагы убакыттын тардыгынан көпкө баарлашып олтура албай жүргөн чоң акындар, улуу муун, орто муундагы агай, эжелер менен кенен олтуруп, кенен сүйлөшүп сабак алып калуу биздин жеңишибиз болду деп билем. Себеби алардын нускасын алып калуу биздин акын катары такшалып чыгышыбызга өтө чоң орду бар.
  8. Фестивалдын жүрүшүндө агай, эжелер тарабынан көп эле айтылып жаткан сөздөрдүн бири: союз убагында болуп турган эл арлык адабий фестивалдарга барып келгендери, андагы таасирлери, жаңы тааныш тапкандары. Мисалы: Чыныбай Турсунбековдун бир фестивалга барып андагы негизги жеңиши ошол жиш чарага катышкандагысы болуп андан кийинки жеңиши ошол фестивалдын лауреаты болуп келгени экенин айтып бизге кайрылып жатышты. А биз болсо мурдатан тааныш болгонго, буга чейин дагы көп эле иш чараларды уюштурууда Бишкек шаарындабы, Оштобу же Нарындабы чоого эле жүргөн акындар болгондуктан акындыктан атаандаш катары башка бирөөлөр менен тааныша алган жокпуз. Ошондуктан эл аралык деңгээлге көтөрүп чыгып катышуучулардын территориясын кеңейтүү бул заман талабы болуп турат.

Жыйынтык: Ушул жана мындан тышкары мен айтпай кеткен жакшы учурлар 4 күндүн ичинде аябай көп болду. Андан тышкары катышуучулук көз караш менен карап айта турчу сунуштар бар эле аны жекече жоолугуп айтып талкууласак туура го дейм. Уюштуруучуларга үй-бүлөбүз менен чоң ыраазычылыгыбызды билдирип, ийгилик каалайбыз!!!

Мурунку