1978-жылы
Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектепти аяктаган.
1978-1983-жылдары
Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетинде окуган.
1983-жылы
«Кыргызстан» басмасынын коомдук саясий адабияттар редакциясында редактор болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган.
1985-1988-жылдары
Кыргыз улуттук илимдер академиясында аспирантурада окуган.
1988-жылы
«Кыргыз прозасында шаар менен кыштактын карым-катнашын чагылдырган чыгармалардагы конфликт жана каарман проблемасы» деген темадагы кандидаттык диссертациясын коргоп, филология илимдеринин кандидаты даражасына ээ болгон.
1989-1992-жылдарда
КМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде Кыргыз адабияты кафедрасында окутуучу, ага окутуучу, факультеттин деканынын орун басары болуп иштеген.
1993-1994-жылдары
Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү болуп иштеген.
1995-1997-жылдары
Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы ТИКАнын Кыргызстан боюнча адиси, «Манас – 1000» мамлекеттик комитетинин алдындагы «Манас дастаны» филиалынын директору, Түркия боюнча «Азаттык» радиосунун кабарчысы сыяктуу кызматтарда иштеген.
1997-жылдан 2010-жылга чейин
«Акун» ЖАКынын башкы директору, «Бишкек ун комбинаты» ААКынын башкы директору, «Кереге» ААКынын Директорлор кеңешинин төрагасы, Кыргызстан ишкерлер бирлигинин президенти, Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин тең төрагасы болуп иштөө менен кыска мөөнөттүн аралыгында эле белгилүү ишкер катары тааныла алды.
2004-жылы
Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияны артыкчылык диплому менен аяктаган.
2010-жылы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бешинчи чарылышына Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп шайланып, ошол эле КСДПнын парламенттик фракциясынын лидери катары өлкөдөгү саясий иштерге активдүү аралашып, коомго, элге пайдалуу көп иштерди жүзөгө ашырууга өзүнүн татыктуу салымын кошуп келди.
2015-жылы
да аталган партиянын тизмеси боюнча КРЖКнын алтынчы чакырылышынын депутаты болуп шайланып, Жогорку Кеңештин парламенттик көпчүлүк коалициясын жетектеген.
2016-2017-жылдары
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп эмгектенип, мыйзам чыгаруу ишинин өнүгүшүно зор салым кошо алды.
Чыныбай Турсунбеков
ЖАЗ
Жаш келиндей кызыл этек, Кызыл-тазыл гүл төрөп, Талаа-түздөн адырларга Акырындап жаз келет. Тоо бетинен кар козголуп, Сууга кубат кошулуп, Ар бир үйгө ээрчий кирет Ала-шалбырт досубуз. Соко артынан ээрчий учуп, Жер чокуйт топ чыйырчык. Тарс-тарс уруп терезени, Жаз жамгыры кыйынсыйт. Которум кой кыш каарынан Жазга жеткен каранжан Так секирген козу болуп, Чыга келет сарайдан. Терезени ачсам үйгө Кирет «бур-р» деп асыл жыт. Жашыл дүйнө жанды козгоп, Ойнойт канда асылдык.
Чыныбай Турсунбеков
АЛА ШАЛБЫРТ
Ар кай жерди жаза аттап, Болуп кышты узатмак Ала-шалбырт жаз келди Байчечекей кучактап. Кечке көчө, жер таптап, Бүткөн бою кар, баткак. Кыз узатат үйүнө, Ага болбой дардактап. Күүгүм менен шак гана Кирди шашып бакчага. Калды Алмагүл «шынк» этип: Ай, болбостур, шок бала! Жамгыр менен боюн жууп, Аппак болгон Кайың-Кыз Алдагайдан азгырат Боз балдарын айылдык. Жазга жүрөк элжиреп, Баткак, карга мейли деп, Жүрөм мен да талаада Балчык кечип, кар жиреп.
Чыныбай Турсунбеков
ШАМАЛ
Жанга кирип барат улам теребел Жаш баладай уктап жаткан мемиреп. Терезени, каалганы каккылап, Ырчы шамал ышкырынып элирет. Тал, теректи күн батышка жүгүнтүп, Удургутат асмандагы булутту, Жула качып илип койгон кирлерин, Аялдардын тынчын алып курутту. Көпөлөктү ээн-эркин учурбай, Чачат үйгөн саман, чөптү ар кайда. Жер эненин жеңил-желпи камгагы, Издеп келет тегеренип жанга айла. Тартат, жулкат чатырларын үйлөрдүн Суунун бетин сылап өтөт толкутуп. Балдар гана каршы чуркайт шамалга, Табийгаттын долу күчүн коркутуп.
“Сүрөт, адамдын жашоо образы, ал эми поэзия-мезгилдин жүзү”…