
Көгүлтүр Ысык-Көл жээгинде салттуу өтө турган Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалы 2025-жылдын 26-29-июнь күндөрү “Акун Ысык-Көл пансионатында өтөт.
Акындардын, жазуучулардын жана жалпы адабият, маданият өкүлдөрүнүн чыгармачылыгына дем берген поэзия фестивалы быйыл эл аралык деңгээлде белгиленет. Коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Түркиядан акын, жазуучулар катышат. Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд кыргыз поэзиясынын өркүндөшүнө салым кошуу жана жаш акындардын чыгармачылыгына дем берүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолун ишке ашырууну колдойт.
