Жан-Булак айылынын чыгаан уулу, көрүнүктүү акын, котормочу, окумуштуу, ишкер, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган «Жылдыздуу жээк» интеллектуалдык таймашы жыйынтыкталды.
Иш-чара акындын өмүр жолун, чыгармачылыгын, мамлекеттик жана коомдук ишмердүүлүгүн жаш муундарга кеңири таанытуу, ошондой эле окуучулардын интеллектуалдык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү максатында өзү билим алган Абылкасым Жутакеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде 8–11-класстардын окуучулары арасында өткөрүлдү.
Таймаштын жүрүшүндө окуучулар өз билимдерин сынап, тапкычтыгын, ыкчамдыгын, командада иштөө жөндөмүн жана туура чечим кабыл алуу чеберчилигин көрсөтүштү. Натыйжада мыкты командалар аныкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Жеңүүчүлөргө:
«Акун» компаниялар тобу тарабынан баалуу белектер;
«Акун Ысык-Көл» компаниясынын атынан Ысык-Көлгө жолдомолор;
Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун атынан акчалай сыйлыктар жана акындын китептери тапшырылды.
Иш-чарага Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун жетекчиси Нуржан Тентимишова жана «Акун» компаниялар тобунун өкүлдөрү катышышты.
Ошондой эле Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Кубаныч Токторалиев иш-чарага катышып, байге фондуна демөөрчүлүк колдоо көрсөткөнү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Жаштардын билим алуусуна, интеллектуалдык өнүгүүсүнө жана чыгармачылык изденүүсүнө салым кошуп, таланттуу окуучуларды колдогон бардык демөөрчүлөргө, уюштуруучуларга жана иш-чаранын катышуучуларына терең ыраазычылык билдиребиз.
Жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайбыз! VII Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалында ийгиликтерди жаратып, жаңы бийиктиктерди багындыруусуна тилектешпиз! 

