Ардактуу аруузат айымдар.
Сиздерди көктөм жаздын көркү болгон – Айымдардын эл аралык күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Жашоонун көркү, үйдүн куту болгон ак саамайлуу энелер, асылкеч айымдар.
Сиздерге бекем ден-соолук, узак өмүр, тирүүлүктүн көп жакшылыктарын жана аруулук менен аманчылык тилейбиз! Ар дайым жашооңуздар жаркын болуп, ууртуңуздардан жылмаюу кетпей, жүзүңүздөрдө жарык маанай болсун. Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, ошондуктан оболу бардык энелерге баш ийип таазим этебиз.
Асылзат айымдар 8-Март майрамыңыздар кут болсун!