Жан-Булак айылынын чыгаан уулу, акын Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган «Жылдыздуу жээк» интеллектуалдык таймашында «Сөз кербени» тайпасы жеңишке жетишти! 
Жеңүүчүлөргө VII Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалына жолдомо, кубок, диплом, «Акун» компаниясынын продукциялары жана акчалай сыйлык тапшырылды. 
Иш-чаранын максаты — окуучулардын интеллектуалдык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, билимге кызыгуусун арттыруу жана Чыныбай Турсунбековдун өмүр жолун, чыгармачылыгын жаш муундарга кеңири таанытуу.
