«Жылдыздуу жээк – 2022»

Көркөм окуу конкурсунун ЖОБОсу

Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин жаркын элесине арналган «Жылдыздуу жээк» көркөм окуу конкурсу Нарын шаарынын жана Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынын А.Жутакеев атындагы орто мектебинин окуучуларынын арасында өткөрүлөт.

Конкурстун максаттары

Конкурстун уюштуруу комитети

Конкурстун уюштуруучусу – «Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд».
Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү үчүн Уюштуруу комитети түзүлөт
Уюштуруу комитети төмөнкү иш-чараларды жүзөгө ашырат
  • 1. Конкурстун катышуучуларынын жана алардын өкүлдөрүнүн назарына конкурсту өткөрүү жөнүндө маалыматтарды тез арада жеткирет
  • 2.Конкурска катышуу үчүн арыздарды кабыл алат
  • 3. Конкурстун убактысын аныктайт.

Уюштуруу комитетинин курамы

Конкурстун уюштуруу комитети

Конкурска Нарын шаарындагы орто мектептердин жана Жан-Булак айылынын А.Жутакеев атындагы орто мектептин 6 -11-класстарынын окуучулары катышат
Көркөм окууну баалоо үчүн Уюштуруучу 5 (беш) адамдан турган Калыстар тобун түзөт.

Конкурсту өткөрүү тартиби жана шарттары

Конкурс 2 этаптан турат: даярдык жана финал. Конкурстун даярдык этабы 2022- жылдын 15-сентябрында башталат жана 15-октябрга чейин созулат.
Даярдык этабында Конкурстун уюштуруучулары:
  • даярдык көрүү боюнча Нарын шаарындагы орто мектептердин жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт
  • катышуучулар жана алардын жетекчилери (окутуучулары) үчүн Конкурска даярдык көрүү боюнча материалдарды түзөт жана аларды Фонддун социалдык тармактардагы баракчасына жайгаштырат
  • Конкурстун финалдык этабына катышуу үчүн тандоо жүргузүү максатында мектептерде өтө турчу сынактын биринчи этабынын жүрүшүн көзөмөлдөйт.
Конкурстун жыйынтыктоочу этабы мектептерде конкурстун 1-этабынын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин өткөрүлөт
Ар бир мектеп финалдык конкурска катышуу үчүн бирден окуучуну көрсөтөт

Конкурстун финалдык этабынын өткөрүлүшү

Конкурстунн финалдык этабын өткөрүү орду: Нарын шаары, Ж.Шералиев атындагы музыкалдык мектеби
Конкурстун финалдык этабын өткөрүү мөөнөтүү: 18 ноябрь 2022ж., 14.00
Конкурстун катышуучулары Чыныбай Турсунбековдун бир ырын жатка айтышат.
Конкурстук сыноодо чыгарманы көркөм окуудан тышкары, калыстар тобунун чыгарманын мазмунуна же окулган чыгарманын автору тарабынан айтылган ойлорго окурмандын мамилесине карата берилген суроолорго жоопторду камтыйт (суроолор 2ден ашпашы керек)

Конкурстун уюштуруу комитети

Поэтикалык чыгарманын аткарылышынын деңгээли төмөнкү критерийлер боюнча 5 баллдык шкала менен бааланат:
  • чыгарманын текстин билүү;
  • интонациянын экспрессивдүүлүгү;
  • еатрдын экспрессивдүү каражаттарын колдонуу (мимика, жаңсоолор, позалар, кыймылдар).
Суроолорго жооп:
  • суроону түшүнүүнүн адекваттуулугу жана суроого берилген жооптун тактыгы
  • өз пикиринин болушу жана анын айтылышынын тууралыгы
  • ойду формулировкалоо жана так айтуу жөндөмдүүлүгү
Катышуучунун топтогон упайларынын суммасы боюнча жеңүүчү аныкталат

Конкурстун уюштуруу комитети

«Жылдыздуу жээк» көркөм окуу сынагынын финалисттерине сертификат тапшырылат
Финалисттерди даярдаган мугалимдерге (жетекчилерге) ыраазычылык каттары тапшырылат
Конкурс төмөнкү номинацияларды камтыйт
  • «Чыныбай Турсунбековдун ырынын мыкты аткаруучусу» (номинация боюнча 1, 2, 3-орундар ыйгарылат);
  • «Чыныбай Турсунбековдун поэзиясын эн эмоционалдуу аткаргандыгы үчүн» Жеңүүчү аудитория арасында добуш берүү аркылуу аныкталат («Элдин тандоосу» сыйлыгы).

Жеңүүчүлөргө дипломдор, акчалай сыйлыктар берилет:

Конкурстун жеңүүчүлөрү жана аларды даярдаган мугалимдер 2023-жылдын июнь айында «Акун Ысык-Көл» пансионатында өткөрүлө турчу Эл аралык «Жылдыздуу жээк» поэзия фестивалына катышууга жолдомо алышат