Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка жарыяланган поэзия конкурсунун финалисттери:
1. Толгонай Сариева
2. Канат Таалайбеков
3. Нурсултан Абдыкаримов
4. Чолпон Орозалиева
5. Назима Алмазбек кызы
 2026-жылдын 20-мартынан 20-майына чейинки убакыт аралыгында Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд тарабынан алтынчы жолу республика боюнча поэзия конкурсу жарыяланып, конкурстун жүрүшүндө өлкөнүн бардык аймактарынан, чет өлкөдөгү мекендештерден, чыгармачыл ийримдердин өкүлдөрүнөн 18 жаштан 45 жашка чейинки калемгер, акындар катышты.
Поэзия конкурсу 6 жылдан бери, жыл сайын уюштурулуп келүүдө. Баш байге эссине 200 000 сом акчалай байге жана атайын сыйлыктар ыйгарылат.
Финалдык бөлүктө эң жогорку упай алган финалист баш байге ээси жана Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болуп саналат.
Финалдык бөлүк 2026-жылдын 18-21–июнь күндөрү Ысык-Көл жээгинде салттуу уюштурулуп келе жаткан Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалынын алкагында өтөт.
Конкурстун ар бир катышуучусуна терең ыраазычылык билдирип, чыгармачылык эргүү каалайбыз!