“Жаш толкун 2022” поэзия сынагынын финалистти, Элгиза Бусурманкулова:
финалист
1-4 – июль күнү өткөрүлгөн Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк” аттуу фестивалына катышып келдик. Эссе финалисттериненмин. Конкурстта жеңүүчү болбосом да, мен бул фестивалга катышып келгениме абдан ыраазымын.
Биринчиден, биз Акун пансионатында болдук. Пансионат көлдүн жээгинде жайгашып, абасы таза, жаратылышы кооз жана э алганга бардык шарттары ыңгайлуу экен. Сонун эс алдык.
Экинчиден, мен Баткен облусунан жалгыз барып, Ош, Нарын, Чүй, Талас,Жалал-Абад облусунан , Бишкек шаарынан барган финалисттер менен таанышып, дос арттырдым. Алар менен пикир алмашып, салттары, эмгектери жөнүндө биле алдым.
Үчүнчүдөн, ал жерде кыргыз элинин эмгек сиңирген аакындары, ырчылары менен жолугуштук. Ал тууралуу мен сыймыктана айта алам.
Төртүнчүдөн, бул жөнүндө өтө өзгөчө сезим менен айткым келет, фестивалдын себепкери акын Чыныбай Турсунбековдун жубайы Нуржан айым менен жолугушуу, маектешүү мен үчүн өтө чоң сыймык болду. Нуржан айымдын жөнөкөйлүгү, жылуу – жумшак сүйлөшү,дайыма күлүмсүрөп турушу, жолдошу жөнүндө сыймыктануу менен сүйлөшү мага чоң таасир калтырды. Мен мындай эс алууну күткөн эмесмин. Мен ойлогондон өтө эле жогору деңгээлде болуп өттү.
Кечеде, жолугушууларда Кожогелди Култегин айткандай чындыктын ээси Чыке акындын баскан жолдору, жасаган жакшы- сооптуу иштери, анын акындык жолу жөнундө сөз болду. Мен мындан өзүмө адамдык сапаттарын ала алдым десем жаңылышпайм. Адам баласы “инсан” деген атка татыктуу болуш үчүн өзгөчө адамдык сапаттарга ээ болуусу зарыл. Чыныбай Акунович – ошол “инсан” деген атка татыктуу адам. Ал адамды өзүнүн чынчылдыгы, кичипейилдиги, жөнөкөйлүгү, айкөлдүгү, боорукерлиги жана эмгекчилдиги менен өзүнө тарта алган. Жараткан бул дүйнөдө өз пенделерине мүнөзү, сүйлөгөн сөзү, жасаган кыймыл-аракетине жараша ырыскы бөлүп берет экен. Чыныбай Турсунбековдун артындагы шаан-шөкөтү, жылдыздуу жубайы, көз жеткис байлыгы да ушул жасаган жакшы иштери, адамдык сапаттарынын жемиши деп ойлойм. “Жылдыздуу жээк” фестивалы толук үч күнгө созулду. Бул үч күндүн ичинде жалаң гана сөздүн башаты – чындыктын ээси Чыныбай Акунович болду. Ал жөнүндө таамай сөздөр айтылып, басып өткөн жолу бүт баары жарыкка чыкты. Бул инсандын артында айтылбай калган дагы көптөгөн эмгектери бар деп ишенем. Акындын элеси, ырлары жана эмгектери кыргыз элинин, биздин жүрөгүбүздө түбөлүк жаша!