Шарпылдаган көлүм менин, мелүүн желге ыргала,

“Жылдыздуу жээкке” чакырды

Жол. Алыска сапар тарткан, жан дүйнөңдүн тынчтыгына багыт алган жол. Ооба, бул жол ар кимге ар кандай болушу мүмкүн. А мен болсо, бул жолго поэзиянын ыргактарына, мага тааныш, тааныш эмес адамдардын сезимдеринин чабыттарына, ойлордун толкунуна, “Жылдыздуу жээктин” ажарына суктанганы бараттым.

Ырас, бүгүн термелген көлгө жетпей жатып, ойлорум кыялдын түркүн-түстүү көйнөктөрүн кийип жатты. Ал көйнөктөрдүн баары ачык түстүү, гүлдөрү бар ажайып эле…

Жетчү жерге да жеттик. Абасы таза, бүтүндөй гүлдөр менен курчалган “Акун” пансионатына кирип келдик. Укмуш! Жомоктогудай керемет жер экен. Ушундай күндү ыроологон Жаратканга чексиз ыраазычылык билдирип, “Жылдыздуу жээк” поэзия сынагынын ачылышына күбө болууга ашыгып жаттым.

Чоң зал. Чыныбай агабыздын сүрөтү тартылган афиша баарыбызды “Куш келипсиңер!” дегендей карап тургансыйт. Заматта залга атагы алыска кетип, атын угуп жүргөн акындар, белгилүү окумуштуулар чогула баштады. Бул поэзия сынагынан мурун Чыныбай Турсунбеков агайыбызды эскерүү китебинин негизинде “Мен дүйнөнү баланын көзү менен караймын” аттуу эссе сынагы өткөн. Азыр бул жерге эки сынактын тең финалисттери чогулдук, алардын катарында мен да бармын. Сынакка катышууга ар ким ар кандай максат коёт. Ооба, мен да максат койдум, бирок, менин максатым бул сынактын финалында жеңүүчү болуу эмес, Чыныбай агайыбыздын жубайын, үй-бүлөсүн көрүү менен поэзия фестивалына катышуу болчу.

Ошентип, дүңгүрөгөн музыканын коштоосунда фестивалдын ачылыш аземи башталды. Татынакай, кебинен бал тамган алып баруучулар Керемет жана Чыңгыз бул иш-чаранын максатын, жүрүү программасы менен тааныштырып, иштин башаты акын агабыздын жубайы Тентимишова Нуржан Давлетбековнанын сөзү менен башталды. Анын жаркыраган жүзү, жайнаган көздөрү мээримдүүлүктөн, акылдуулуктан, иш билгиликтен кабар берип турду. Кийген кийими, сүйлөгөн сөзү өзүнө жарашып, аялзатынын эң бир татынакай символикасы болду десем аша чаппасам керек. Ар бир сөзү маанилүү, үй-бүлөсүн аздектеген, көзү өтсө да өмүрлүк жолдошуна сыйы чексиз, күчтүү аялды көрүп жаттым.

Эссе жазып жатып, китептеги эскерүүлөр менен таанышканда аялы мыкты аял экен деп ойлогон элем, ооба, бул оюм туура болуп, адашпаган экенмин. Чыныбай Турсунбеков агабыз аз өмүр жашаса да, артынан атын калтырчу жубайын адашпай тандаптыр.

Балким, адам жашоодо ордун таппаса, анын таланты, ишмерлик, саясатчы жөндөмдүүлүгү көмүскөдө калып, кадимки эле турмушта жашап өтсө керек. Ал эми Нуржан эжекедей жалындуу, позитивдүү, жолдошуна дем берген аялдын күйөөсү бир гана ийгиликте жашаш керек эле.

Поэзия фестивалында белгилүү акындардан түзүлгөн калыстар тобу тааныштырылды. Алар сынакка келип түшкөн ырлардын баарын карап чыгып, калыстык менен карап чыгууга аракет жасашкандыгын айтышты.

Кезек акындарга келди. Чүчүкулактын негизинде сахнага чыгуу ирети аныкталган акындар биринен бири өтүп, ырларын окушуп, чынын айтайын көркөм дүйнөгө баарыбызды жетелеп жатты.

Поэзия! Кандай гана керемет! Ыргактар. Бирде уйкашып, бирде уйкашпай, адамдын сезимин козгоп, сени бирде көл жээгине алып барып, бирде ата-энеңдин мээримине бөлөп, бирде бороон-чапкыга алдыртып, бирде мезгилдерге суктантып, айтор, бардык акындын ырларынын ыргактары менен саякаттап учуп жүрдүк. Ушул мүнөттөр бүтпөсө экен дедим. Мындай эч качан ырахат алган эмесмин… Сезимдердин сересинен жаралган сөз ыргактары залдын ичин толтуруп, баарыбызды сезимдерге батырды.

Акындар айткан ырлар да аягына жетти. Баары толкундануу менен Нуржан эжекенин, уюштуруучулардын сөзүн угуп жатышты.

Сыйлоо аземи. Финалисттерге баа берилип, алар Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун Дипломдору менен сыйланышты.

Ыр уккан жан дүйнө бир байып, рух дүйнөбүз мелт-калт болуп, фестивалдын 1-күнүн жыйынтыктадык жана Нуржан эжеке баш болгон уюштуруучуларга ыраазычылыктар билдирилип жатты.

Фестивалдын 2-күнү

Фестивалдын 2-күнүнө акындарга тапшырма берилип (“Жылдыздуу жээк” тууралуу ыр түзүш керек), эссе финалисттери 2-этаптагы сынакка катышканы келдик.

Эссе сынагынын калыстар тобунун төрагасы Жумадин Кадыров ачып, жазылган эсселерге, аларды тандоодогу критерийлерге токтолду. Жумадин Кадыров агайдын эркин журналист экендигин, сезимтал, эмоциясы сыртында адам экенин байкадым. Анткени, ар бирибиздин сезимибизди, эссе жазуудагы максатыбыздан бери сурап, баарлашууну жогорку деңгээлге чыгарды десек болот. А биздин суроолорубуз дагы деле Нуржан эжекеге эле. Анын сөздөрүн угуу ар бир конкурсант үчүн баалуу болду деп ойлойм. Маектешүү эмоциялар менен, ар кандай ойлор, сунуштар менен коштолду. Кыскасы, жүрөктөн сүйлөштүк. Бул жолугушуудан кийин Нуржан эжекеге деген сыйым эки эсе күчөдү.

Эссе сынагында китептен суроолор берилип, ага жооп жаза баштадык. Ар бир финалист жеңишке татыктуу. Мен да жеңишти ойлоп жаттым. Кантип эле жеңишке илинбей каламын деп да ойлоп кетемин да, “Кой, Бактыгүл, сенин максатың жеңиш эмес эле го” деген экинчи оюм моюн бербей, кыскасы, билгенибизди жазууга кириштик. Ага чейин китептен суроолорду бергенде, арабыздан Аида деген эжеке (жашы мага тең кур экен) шартылдап эле жооп берип жатты. “Аида мыкты экен”, -деп ойлоп калдым, мендей эле баары ойлошуптур.

Кайрадан кечке маал залга чогулдук. Поэзия фестивалынын коюлган шарты боюнча акындар кайрадан жарышка түшүштү.

“Жылдыздуу жээк” тууралуу ар кандай ойлордогу, ар кандай сезимдеги ырлар жаңырды. Биздин акындарга сөз жок! Эмне деген гана ойлорду айтышкан. Баарында аракет күчтүү экен. Сүйүү да бар, бүгүнкү жашоо да бар, жада калса өткөн өмүр менен келечек да бар, айтор, ырлардын мазмунунан толук жашоону жашап чыктым. Анан акындарыбыз ырларын окуй баштады.

“Кандай бактылуумун!” деймин өзүмчө, ооба, ушул мүнөттөрдө бактылуу элем. Сөз дүйнөсү, сезим дүйнөсү, андагы ойлордун дүйнөсү, түрмөктөлгөн орошон ойлордон жаралган “Жылдыздуу жээк” поэзиясы түптүз эле Чыныбай агабызга арналган гүлдестедей элес калтырып жатты. Анын руху айланып, кубанып, икигайы дүйнөсүнө батпагандай таасир калтырды. Адабият. Сөздөрдөн куралган бүтпөгөн тизмектер… Ар бир акын ар бир сөзүнө гүл кошо тигип, ага жан берип, бүтүндөй сөздүн жашоосун, өзүнүн “Жылдыздуу жээгин” ойлоп, элестеп, курамалап, тизмектеди. Бул кечеден өзүмдү жеңил сезип, асмандарда учуп жаттым.

Ал эми кечеден кийин поэзиянын финалисттерин капыстан бирден, бирден жолдон тосуп алып Жумадин агай, мен, Айпери болуп ыр кечесин уюштуруп жибердик. Ыр угуудан тажабадым, менин максатым жүз пайызга ишке ашты.

Фестивалдын 3-күнү

Керемет күндөрдүн да сапары карып, кетерибизге да аз калып жатты. Фестивалдын 3-күнүнө чейин эссе сынагы дагы болуп, баллдары тең болуп калган катышуучулар дагы жарыщка түштүк. Үч киши экенбиз, анын бири – Айпери Кеңеш кызы. Ал мындай абалды уккандан эле баштап: “Эжеке, бул ийгиликке сиз татыктуусуз, менин каалоом болсо сизге жеңишти бермекмин”, -дейт. Көңүл жылытарлык кеп. Ооба, бул жеңиштин ээси ким болсо да татыктуу болсун деген ой келди. Айпериге ичим жылыды. Ооба, чын дилден айтылган кеп, кимдин болсо да ичин жылытмак.

Ошентип, эссе сынагыбыз башталды. Бир эле суроо берилди. Үчөөбүз колдон келишинче чиймелеп жатабыз. Ойго да эч нерсе келбей калат мындайда. Ишибизди тапшырып бүткөндөн кийин китепти баса калып карадым го, чиркиндики…

Жыйынтык чыгарчу сааттар да жакындап калды. Фестивалдын уюштуруучулары көлдүн жээгине өзгөчө форматта уюштурушуптур. Жылдыздуу жээк, чыгып бараткан ай. Чыныбай Акунович тууралуу видеофильм. Эх несин айтабыз, Чыныбай агайыбыз дээринен эң жөнөкөй адамдык касиеттерди алып жүргөн киши экен. Анын улуулугу мына ушунда. Көп жерде ырын окуптур, окуганда да машырланып окуптур. Баарынан кызыгы, ырларында көптөгөн чындыкты тарс айтканы жакты. Саясаттагы алешимдиктерди ыры менен жеткириптир. Турмушту көп терезеден караптыр. Аттиң, өмүрү кыска экен, бирок, өмүрүн уланткан уул-кызы, татынакай жары, калтырып кеткен иши бар экен. Айрым адамдардын жылдызы тирүүсүндө да, көзү өткөндө да өчпөйт. Чыныбай Турсунбеков – дал ошол өчпөс жылдыздардын бири. Анткени, анын дүйнөсүн түшүнө алган сүйүктүү жубайы, ишин уланткан балдары, эскерген достору бар. Жакшынын өлүмү да жакшылык ээрчитип жүрөт. Мына ошондой жакшылыктардын бири – учурдагы поэзия фестивалы.

Мына, жеңүүчүлөрдү атап жаткан кез. Менин аты-жөнүм чыкты. Кубанычымда чек жок. Кол чабуулар. 3-орун болсо да кубануу менен кабыл алдым. Ырас, көп жерде жеңүүчү болдум, бирок бүгүн да бийиктиктеги жеңүүчү элем, анткени канчалаган асыл инсандар менен көл жээгинде таанышып, Нуржан эжебизди кучактап, анын сөздөрүнөн дем алып, поэзиянын көлүнө чөмүлүп, жан дүйнөмдү тазалап бара жатамын.

Көл жээги дайыма тазалыкка үндөп тур. Ал эми Чыныбай агабыздын руху ырларда, көркөм сөздө симфония сыяктуу жаңырып жүрө берсин!

Бизге ушундай ырахат тартуулаган Чыныбай агайыбыздын үй-бүлөсүнө, уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиремин. Дайыма бар болуңуздар!

 

 

Мурунку