Мен 15 жаштамын. Көл жээгинде “Акун” пансионатында өткөн “Жылдыздуу жээк” жаш акындардын жана дил баян сынагынын финалисттеринин эң жаш катышуучусу болдум. “Акун” отелине жеткенде эле баннерден Чыныбай Акунович Турсунбековдун сүрөтү тосуп алды. Көз алдыма кичинекей кезимде “Чыныбай байкемдин көлүнө” келген кезимди элестеттим. Бирөөсүндө Чыныбай байкемдин энем менен кымыз ичип жатканы, энемдин шырдагы келди, бирөөсүндө куурчактарымды күзгүгө тизип коюп көлгө барганыбыз. Өзүм көлгө түшүп энемди чөгөсүң деп түшүрбөй койдум эле чырдап. Айылга келип чоң кишилерден “Чыныбай байкемдин көлүнөн аттай аласыңбы?” деп сурай бергеним эсимде. Мен Ысык-Көлдү Чыныбай байкемдин көлү деп билгем, тааныгам. Бул жолу “Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм”- эскерүү китеби боюнча дил баяндын жеңүүчүсү катары бардым. Баллдарыбыз тең болуп эки эжей менен кайрада күчүбүздү сынаштык. Аталган китептеги күлкүлүү окуяларды жазуу керек эле. Ал китепте саясатчы Өмүрбек Текебаевди колдогону үчүн ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев, Чыныбай байкемди Чыныбай Чиркешович дечү экен. Ушул менимче эң күлкүлүү окуя эле. Чоң эле кишилер, өлкөнү башкаргандар башкача көз караштар үчүн Чыныбай Чиркешович деп….Дүйнөгө баланын көзү менен караган Чыныбай байкем бул кылыктар үчүн аргасыздан күлсө керек. Ошентип мен көлгө Чыныбай байкемди анан өзүмдүн наристе кезимди издеп бардым. Керемет көл баягыдай эле экен, түнкүсүн чыгып жылдыздарды издедим асмандан. Жылдыздардын эң чоңу Чыныбай байкем дедим. Бирок биздин айылдагыдай жылдыздар так даана көрүнбөгөндөй сезилди. Баардыгы эле бар. Мына көл, отель, кумдар, гүлдөр, эс алуучулар, Чыныбай байкемдин ыры менен китебинен өзүн анан, Чыныбай байкемди издеген сынактын катышуучулары. Тынбай чуркап жүргөн Нуржан эже, Акбар Рыскулов, Кожогелди Култегин баштаган дөө шаалар, достору Курманбек байке, Бурулкан эжелер. Бирок Чыныбай байкем эле жок. Биздин дил баян жазгандардан эң таттыктуулар алды. Чыныбай байкемди көлдөн, кумдан, өзү баскан жолдордон, китептерден, ыр жазган акындардан издедик. Окшоштуктарды таптык, сүйүндүк, билгендердин сөзүн уктук. Бирок адамдык баркын, акын катары дараметин, саясатчы катары эмгегин четин гана ойдук. Жакшы адамдар менен тааныштым, бир адам бир аалам экенин түшүндүм. Биздин айылга Жан-Булакка келдим. Нарын суусунун жээгине бардым. Кыргызстанды жарык, жылуулук дегеле жашоо берип жаткан Нарын дарыясы күрпүлдөп агып жатат. Асманда жылдыздар кашкаят, ай толуп жапжарык, Чыныбай байкемди алдейлеп өстүргөн айыл, ал дем алган аба. Өзгөчө жылдыздар жаркырайт. Чыныбай байкемдин айылы, Нарын дарыясынын жээги… Мына таптым Жылдыздуу жээк биздин айыл Жан-Булак экен. Адам топурактан жаралып кайра мекенине жок дегенде бир ууч топурак болуп жардамын берет экен. Ал эми Жылдыздуу жээк экинчи өмүрү болуп эл аралап, өлкө аралап, жерди сугарып, жаш көчөттөрдү гүлдөтүп агып жатууда жаркырап, шаркырап. Менин Чыныбай байкем….

 

 

Мурунку