АЙТЧЫ, КУРБУМ, АКЫН ӨЗҮН КАЙДА УРАТ?
Же карылык кубатынан тайдырса,
Же түйшүктөш түгөйүнөн айрылса
Эт жүрөгү көкүрөгүн койгулап,
Эки көзү чырак болуп жалдырап,
Чыдай албай бүркүт өзүн жарга урат.
Табигаттын табышмагы ушунда,
Тоо дайрасы күйүп кеткен учурда
Күчөп улам долуланып шаркырап,
Каржактаган арык жонун камчылап,
Күүлөп келип өз маңдайын ташка урат.
Сапар тартып учуп бара жатканда,
Самолет да күйүп кетсе асманда
Кош канаттап капталдарын ургулап,
Көк түтүнүн таштап артка бир кулач,
Кайтып келип өз денесин жерге урат.
Же бир гана боштук калып сезимде,
Же «дүрт» этип күйүп кеткен кезинде
Өлтүрүшсө ыры өмүрүн кайра улап,
Өчүрүшсө тутануучу кайра бат
Акын өзүн алып барып кайда урат?
Айтчы, курбум, акын өзүн кайда урат?
