ЖОБО
1. Жалпы жобо
1.1. Бул жобо Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыгынын негизги максаттарын, тартибин жана өзгөчөлүктөрүн аныктайт.
1.2. Конкурс «Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд» тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун катышуусу менен өткөрүлөт.
1.3. Конкурстун уюштуруучусу – «Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд» (мындан ары – Уюштуруучу).
1.4. Конкурсту уюштуруучусу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
– конкурсту өткөрүүгө документтерди даярдоо;
– конкурстук комиссияны түзүү;
– конкурстук иш-чараларды өткөрүү;
– жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземин өткөрүү;
– Бишкек шаарынан – «Акун Ысык-Көл» пансионатына, «Акун Ысык-Көл» пансионатынан – Бишкек шаарына чейинки транспорт, жатакана, тамак-аш менен камсыздоо;
– конкурсту жана анын жыйынтыгын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдыруу.
1.5. Конкурстун максаттары:
– кыргыз тилинин көркөмдүгүн, байлыгын, тереңдигин даңазалоо;
– кыргыз тилинде ыр жазган акындардын арасынан мыктыларын аныктоо;
– акындардын талантын ачууга жана адабий жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү.
2. Конкурстун этаптары жана мөөнөттөрү:
2.1. Тандоо туру: конкурстук чыгармалар – 2026-жылдын 20-мартынан 2026-жылдын 20-майына чейин кабыл алынат.
2.2. Баалоо: конкурстук чыгармаларды окуп чыгуу жана баалоо – 2026-жылдын 20-майынан 1-июнга чейинки убакытта ишке ашырылат.
2.3. Финал: Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган VI Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалынын алкагында өтөт.
3. Конкурска катышуунун шарттары:
3.1. Конкурска кыргыз тилинде жазылган гана поэтикалык чыгармалар кабыл алынат.
3.2. Жалпы 10 чыгарма (ыр) жөнөтүү талап кылынат.
3.3. Поэзиянын төмөнкү тематикалык ар түрдүүлүгү камтылган чыгармалар (ырлар) болуусу керек.
Поэзиядагы негизги темалар:
– Жарандык (граждандык, атуулдук) лирика;
– Махабат лирикасы;
– Пейзаждык лирика;
– Философиялык лирика;
3.4. Конкурска 18 жаштан 45 жашка чейинки (45 жаш кошулат) акындар катыша алышат. Катышуучулардын жаш курагы катышууга арыз берген учурда (электрондук почта же кадимки почта менен жиберилген датага карата) белгиленет.
3.5. Башка конкурсттарга жөнөтүлгөн чыгармалар кабыл алынбайт.
3.6. Конкурстук арыздардын берилиши:
• Электрондук почта аркылуу (fond.tursunbekov@gmail.com дарегине «Конкурска» деген белги менен);
• Кагазга түшүрүлгөн варианттар болсо (басма текстин) Фонддун Бишкек шаарындагы дарегине алып келүүсү шарт.
Фонддун дареги: Бишкек шаары Кулиев көчөсү №2, почта индекси 720010.
Сурап билүү үчүн телефон: 0554 72 72 27
3.7. Конкурска катышуу үчүн автор арыз толтуруп, ага кошумча 1 файл тиркейт:
• конкурстук чыгармалардын тексти (поэзия)
3.8. Чыгарманы конкурска жиберген адам ырлардын авторлугу аныктыгына жооп берет.
3.9. Уюштуруучу конкурска жиберилген чыгармаларды рецензиялабайт, кайтарып бербейт (эгер почта аркылуу кагаз жүзүндө жөнөтүлгөн болсо), авторлор менен талкууга кирбейт.
4. Конкурска катышкан чыгармаларды каттоого коюлган талаптар
4.1. Конкурска катышуу үчүн авторлор тарабынан берилген чыгармалар жогоруда белигленген жанрлар боюнча болушу шарт.
4.2. Проза түрүндөгү ырлар жана котормолор кабыл алынбайт.
4.3. Чыгармалар төмөндөгүдөй форматта кабыл алынат:
текстик редактор WORD, шрифт Times New Roman, 14 кегль, интервалы 1,5.
4.4. Электрондук форматта жиберилген арыздар төмөндөгү эки форматтын биринде болууга тийиш: WORD же PDF (же JPG).
5. Конкурска сунуш кылынган чыгармалардын баалоонун этаптары
5.1. Чыгармаларды баалоо үчүн Уюштуруучу 5 (беш) адамдан турган, анын ичинде 4 (төрт) адам мүчө жана 1 (бир) адам төрага болгон калыстар тобун түзөт.
5.2. Калыстар тобу ушул Жобонун негизинде иш алып барат, ошондой эле жеңүүчүлөрдү жана лауреатты аныктайт.
5.3. Чыгармалар уюштуруучу тарабынан катталат жана калыстар тобуна автордун аты-жөнүн көрсөтпөй катталуу номерлери боюнча берилет.
5.4. Чыгармаларды баалоо 10 баллдык система боюнча жүргүзүлөт.
5.5. Калыстар тобунун ар бир мүчөсү чыгарманы баалоодо тиркелген формадагы рейтингдик таблица менен иш алып барат.
Конкурстун 1-этабы
5.6. Чыгармаларды баалоо критерийлери:
• Поэтикалык форманы билүүсү, тили жана техникалык чеберчилиги (рифманын, калыптын, стилистиканын оригиналдуулугу);
• Кыргыз тилинин ченемдерин сактоосу;
• Таасирдүүлүгү, образдардын айкындыгы, маңызы, жаңычылдыгы (ой-толгоону чагылдыра билүүсү).
• Жөнөтүлгөн чыгармалардын жанрлар боюнча ар түрдүүлүгүнө артыкчылык берилет.
5.7. Чыгармаларды баалоо 10 баллдык системада үч критерий боюнча жүргүзүлөт. Катышуучуларга калыстар тобунун мүчөсү тарабынан коюлган максималдык баа 30 баллды түзөт.
5.8. Уюштуруучу рейтинг баракчаларын текшерип чыгып 5 (беш) финалистти аныктайт.
5.9. 1 – этаптын финалистери (5 акын) «Акун Ысык-Көл» пансионатынын базасында өтө турган VI Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалына жолдомо алышат.
Конкурстун 2-этабы
5.10. VI Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалы 18-июндан – 21-июнга чейинки аралыкта «Акун Ысык-Көл» пансионатынын базасында өтөт.
5.11. Ар бир финалистке 30 мүнөттөн убакыт берилип, анда ал өзү жөнүндө айтып, ырларын окуп, суроолорго жооп бериши керек (өзүнүн жеке кечесин өткөрүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толуу үчүн күч-кубатын жумшайт).
5.12. Экинчи этаптын баалоо критерийлери:
• Материалды чагылдыруунун оригиналдуулугу;
• Ырды окуудагы таасир берүү чеберчилиги.
• Окуган ырларынын тематикалык ар түрдүүлүгү (поэзиянын ар кандай тематикалык ырлардын камтылуусу).
5.13. Баалоо 10 баллдык система жана эки критерий менен жүргүзүлөт. Ошентип, конкурстун калыстар тобу койгон максималдык баа 20 баллды түзөт.
5.14. Жыйынтыктоочу суммардык балл сынактын жеңүүчүлөрүн аныктайт (баш байге (гран-при) жана номинациялар).
5.15. Көрүүчүлөрдүн эң көп добушун алган акынга “Жылдын табылгасы” номинациясы ыйгарылат.
5.16. Өткөрүлгөн эки этапта комиссиянын эң жогорку баллын алган катышуучу комиссиянын чечими менен лауреат болуп аныкталат жана ага Баш байге (Гран-при) ыйгарылат.
5.17. Калыстар тобу конкурстун жыйынтыктоочу протоколун түзөт.
5.18. Калыстар тобунун чечими талкууга алынбайт жана өзгөртүлбөйт.
5.19. Конкурстун жыйынтыгы комиссия мүчөлөрү тарабынан жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине чейин ачыкка чыгарылбайт.
6. Жеңүүчүлөрдү жарыялоо жана сыйлоо
6.1. Конкурстун жыйынтыгын жарыялоо жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо VI Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалынын жабылыш аземинде өткөрүлөт.
6.2. Баш байгенин жеңүүчүсүнө 200 000 сом акчалай сыйлык ыйгарылат жана лауреат экендигин тастыктаган диплом жана атайын статуэтка тапшырылат.
6.3. Калган конкурстун финалистерине упайларына жараша номинациялар жана акчалай сыйлык жана атайын диплом ыйгарылат.
Номинациялар:
-Көрүүчүлөрдүн арзуусу: чыгармачылык өзгөчөлүктөрү жана ырларына берилген жогорку упай;
– Поэзия жаңырыгы: өз ырларын мыкты аткарганы үчүн.
– Дебют/ “Жылдын табылгасы”: басылмалары жок башталгыч авторлор үчүн.
– Жарандык поэзия / Патриоттук ыр: мекен, тарых жөнүндөгү чыгармалар.
