Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун төрайымы, “Акун” компаниялар тобунун Башкы директору Тентимишова Нуржан Давлетбековнага Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынын “АРДАКТУУ АТУУЛУ” наамы ыйгарылды.
Элет жеринин социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө, айылдын өнүгүшө кошкон салымы менен көрсөткөн көмөгү жана коомдук иштердеги жасап жаткан натыйжалуу эмгеги үчүн тапшырылды.
Жетекчиликтин бул сыйлыгы жалпы жамаатыбыздын ишине дем берүү жана ишеним көрсөтүү деп билебиз.
Нуржан Давлетбековнанын иштерине албан ийгилик, өзүнө бекем ден соолук, берекелүү өмүр жана бийик жетишкендикткерди каалайбыз!
