Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун жетекчиси Тентимишова Нуржан Давлетбековна окуу жайдын “100 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланды.
Окумуштуулар кеңешинин отурумунда унивеситеттин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев сөз сүйлөп, окуу жайдын өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн жалпы окутуучуларга жана жакындан колдоо көрсөткөн демөөрчүлүлөргө ыраазычылык билдирди.
“Акун” компаниялар тобунун жана Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун демөөрулүгү менен атайын окуу дарсканасы толугу менен оңдөп түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап шарттар түзүлүп жана зарыл жабдуулар менен камсыздалып пайдаланууга берилген.