Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына жана акын, котормочу, илимпоз, ишкер, мамлекеттик ишмер жана “Акун” компаниялар тобунун негиздөөчүсү Чыныбай Турсунбековдун туулгандыгынын 65 жылдыгына арналып Кыргыз филологиясы факультетинде Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий борбор ачылды.
Чыныбай Турсунбеков Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн. Аталаган мекемеде окутуучу, декандын орун басары кызматтарын аркалап, кыргыз адабияты боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.
Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун жетекчиси Нуржан Тентимишованын демилгеси, “Акун” компаниялар тобунун демөөрчүлүгү менен 5-окуу имаратынын атайын-окуу дарсканасы заманбап шарттары менен толук жаңыланып жасалып, пайдаланууга берилди.
Акындын көзү тирүү болгондо бүгүн 15-октябрда 65 жашка чыкмак.
Унивеситеттин 100 жылдыгына жана Чыныбай Турсунбековдун туулгандыгынын 65 жылдыгына арналган адабий борбордун ачылыш аземине замандаштары катышып, эскерүү иш-чарасы өттү.


