ЖЫЙЫРМА ЖЕТИ

Баркын билбей ыйлатып жаштыгымды,
Отко салып өрттөдүм канча ырымды.
Же ушундай жексендеп жашап өтүү
Маңдайыма жазылган тагдырымбы?

Чөнтөгүмө катылган күндөр көптөй,
Жүрүп ойлор деңизин сүзүп өтпөй
Эртеңимден кур калсам азап жээрмин
Жайлы-жайлай жыргаган ийнеликтей.

Өмүр кайтса деп кээде ойго келем,
Өткөнүмдүн көп жерин оңдоор элем.
Жыйырма жети жашыма ал күндөрдөн
Келээр элем башка бир жолдор менен.

Өмүр кайтпайт, а бирок алды жагым,
Кара, кандай мүмкүндүк анда барын.
Бараар жолду караңгы кылган түндү
Жарык кылаар күчү бар шам жагамын.

Жаркыратам жансерек жаштыгымды,
Жаратамын жалындуу жакшы ырымды.
Керек болсо кайрадан жасап алам
Маңдайыма жазылган тагдырымды!

Чыныбай Турсунбеков