КАРЕКТЕ КАЛГАН КҮЗ
Айылдагы таш төшөлгөн көчөгө
Жалбырактар калаар эле төгүлүп.
Кызыл, сары боёкторду сүртүнчү
Жайды-жайлай өскөн чөптөр өрүлүп.
Калчу бир күн бакалар да чардабай,
Кумурскалар жер астынан чыгышпай,
Мурдагыдай тал-теректер куштардын
Жан жыргатып сайраганын угушпай.
Байрак мисал турар эле желбиреп
Ак булуттар чокуларга оролгон.
Оюн салып, шамал менен жарышчу
Жылкылардын кулундары торолгон.
Аңыз жыттуу талааасында колхоздун,
Саман-топон жатаар эле чачылып.
Ойноп жүрсөк кампачынын аялы
Буудай кууруп берээр эле чакырып.
Чыныбай Турсунбеков
