«Негизи чындап киришсең, бизнес деле чыгармачылык сыяктуу. Чыгармачылыкта деле табигый шыкты бүлөп, курчутуп турбасаң талантың мокоп, алга жылуу, өсүү болбогон сыңары бизнесте да такай бир орунда тура берген жарабайт. Мээнет менен табылган акчаны ой келди чачпай өндүрүштү өркүндөтүүгө жумшап, керек болсо кредит алып, учурга шартка жараша аракеттенип, тынымсыз изденүү менен улам алга жыла берүү керек»
Чыныбай Турсунбеков

Нуралы Капаровдун «Санжыра» радиосунда берген маегинен:
Чыныбайдын өзү менен кєп сүйлөштүм. Бир жолу:
– Ишкерликке кантип өтүп кеттиң, ошол керек
беле? – деп сурап калдым.
– Турмуштук жагдай ушундай болуп калды. Түркияга барып иштеп баштасам менин ордума башка
киши жиберип коюшту. Мен кайра Кыргызстанга келгенден намыстандым. Төлөмүш Океев сыяктуу адамдар
менен жакшы мамиледе болуп, ишкерлик менен алектенип кеттим, – деди.
– Сен ишкерликти жакшы жолго коюп кеттиң. Ушу бирдемең бар го, ишкерликке башка тармактан
келгендер иштей алчу эмес эле, сенин касиетин бар, – деп тамашаладым.
– Менин атам ар бир баласы төрөлөөрдө аян-түш алчу экен. Мен төрөлөөрдө атам талаадан казан таап
алыптыр, – деди.
– Анда сен жолуўду туура эле тааптырсың, –дедим.
