“Жылдыздуу жээк” – 2025
26-29-июнда “Акун” пансионатында Чыныбай Турсунбеков атындагы “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалы өтүп, 2022-жылы жана 2023-жылы поэзия фестивалынын калысы катары катышсам, бу жолу фестивалдын сый коногу катары катыштым.
Чү дегенде эле, айта кетчү нерсе, быйыл өзүнүн 5 жылдыгын белгилеп жаткан “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалы жаш таланттардын калемин сынаган катардагы эле иш-чара болуп калбастан, чыныгы поэзия майрамы жана жаш акындардын ынтымагын арттырган адабий аянтчага айланганы – анын кадыр-баркы жыл санап арбып баратканынан кабарлайт. Бул жышааналуу нерсе. Акыркы жылдарда поэзия фестивалдары, ыр сынактары оголе көбөйдү, бирок “Жылдыздуу жээктин орду өзгөчө десек эч жаӊылышпайбыз.
***
Акын катары, адабият күйөрманы катары адабий айдыӊга кимдер келип кошулуп, алар кандай жазып, кимиси кандай изденип жатат, алардын арасында чыныгы таланттары барбы, кимиси канчага чуркашы мүмкүн ж.б. суроолор мени кызыктар койбойт. Кайсы бир ыр сынактын калысы болбосом деле жаш акындардын китептерин көз кырымдын сыртында калтырбайм. Социалдык түйүндөргө жарыяланган ырларды артынан кубалап окубасам да, бет алдынан кезиккенин сөзсүз окуйм. Айтор, акыркы жылдарда кимдер ыр жазыбатат, кимдер алдыӊкы сапта келатат, кимисинен үмүт этсе болот, кимисинен эч нерсе чыкпайт, кабарым бар.
***
“Жылдыздуу жээк – 2025” поэзия фестивалынын финалына чыккан 5 финалист тууралуу айтсам, алардын арасынан Гүлүмкан Исаева, Бектемир Асылбеков, Бегайым Нурлан кызынын ырлары менен мурдатан тааныш элем. Мээрим Эркинбек кызы, Мирлан Аскарбековдун ырларын деле окуп жүрсөм керек…
Финалисттердин бири – Бегайым Нурлан кызы 2022-жылы Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов, Сагын Акматбекова, Тургунбек Бекболотов окшогон поэзиянын дөө-шаалары алышкан Байдылда Сарногоев атындагы адабий сыйлыкты жеӊип алганы эсимде. Анын өзү адабий чөйрөдө чоӊ сенсация жараткан. Кыргыз эл акындары, “КРнын маданиятына эмгек сиӊирген ишмерлери наамдары барлар катышкан сынакта эч кимге белгисиз жаш акындын эӊ алдыга озуп чыгуу ар кимдин эле пешенесине жазган эмес.
Бегайым Нурлан кызынын Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыктын баш байгесинин ээси болушу – анын Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов, Сагын Акматбекова, Тургунбек Бекболотов менен теӊ катарда турган акын экенин билдирет. Буга башка акындар чычалабайт деген ойдобуз.
Гүлүмкан Исаева тууралуу айтсам, ал 2022-жылы да, 2023-жылы Чыныбай Турсунбеков атындагы поэзия сынагына катышып, эки жылы теӊ мен ага эӊ жогорку баллды бергем.
2022-жылы калыс болчуда, биз, калыстар, конкурска келген ырларды 5 баллдык система менен 3 критерий: 1. Поэтикалык форманы билүүсү, тили жана техникалык чеберчилиги (рифманын, калыптын, стилистиканын оригиналдуулугу); 2. Кыргыз тилинин нормаларын сактоосу; 3. Таасирдүүлүгү, образдардын айкындыгы, ма¢ызы, жаӊычылдыгы (ой-толгоону чагылдыра билүүсү) боюнча баалаганбыз. Мен эӊ жогорку “5” деген баллды 2, 16, 17, 18, 21, 26, 37, 38, 39, 74 катар номерлери менен менин электрондук дарегиме келген ырларга бергем. Конкурстун жыйынтыгын чыгарган күнү номер ээлери аныкталганда, мен жалаӊ “5” балл, жалпысынан 15 балл (конкурстун 1-этабындагы жогорку балл) берген жаш акындар: Бүкалча Маматали кызы, Айзат Кудайберди кызы, Кадырбек Аблабеков, Гүлүмкан Исаева, Аваскан Балтабаева, Албина Шерали кызы, Нуркыз Рыскул кызы, Бекмурат Келдибаев, Нурэл Керимбеков, Элгиза Бусурманкуловалар экени белгилүү болгон.
Алардын арасынан бешөө: Бүкалча Маматали кызы (70 балл), Кадырбек Аблабеков (61 балл), Нуркыз Рыскул кызы (69 балл), Бекмурат Келдибаев (59 балл), Элгиза Бусурманкулова (64 балл) менен “Жаш Толкун – 2022” жаш акындардын поэзия сынагынын 1-этабынын жеӊүүчүлөрү – финалисттер болуп калышкан.
Кийинки 2023-жылы катышуучулардын ырларын баалоо 10 баллдык системада үч критерий менен жүрүп: поэтикалык форманы билүүсү, тили жана техникалык чеберчилиги (рифманын, калыптын, стилистиканын оригиналдуулугу); кыргыз тилинин нормаларын сактоосу; таасирдүүлүгү, образдардын айкындыгы, маңызы, жаңычылдыгы (ой-толгоону чагылдыра билүүсү) боюнча баа берилди.
Мен 2023-жылы 113 катышуучунун 12сине 3 категория боюнча эң жогорку 10 балл (жалпысынан 30 балл) бергем. Алардын арасында да Гүлүмкан Исаева бар болчу. Анда да ыр ээлери кимдер экени номер ээлери такталганда билгем. Тилекке каршы, башка калыстар азыраак балл бергендиктен, Гүлүмкан Исаева финалга өтпөй калган.
Антсе да мен эӊ жогорку балл бергендерден бешөө: Нуриза Өмүрбаева, Бектурсун Адиев, Кудайберди кызы Айзат, Махабат Касеинова, Чынгыз Рыскелдиев финалга өтүшкөн.
Эсимде үчөө: Болот Мамбетисаев, Бусурманкул кызы Эльгиза, Гүлүмкан Исаева алдыңкы ондукка кирген. Зухра Самудинова, Исамидин уулу Бектурали баллдары боюнча 11, 12-орундарды ээлесе, Кундуз Суранбаева 19-орунга чыкканты. Саламат кызы Зухра гана 31-орунду ээлеп, ал деле тең ортосунан өйдө болуптур.
Кыскасы, катышуучуларга калыс эле баа бердим, жаңылган жокмун го деп ойлойм.
***
Быйыл калыстардын чечими менен баш байгенин ээси Бегайым Нурлан кызы болуп табылып, 1-орунга татыктуу болгон Гүлүмкан Исаева, 2-орунга Эркинбек кызы Мээрим, 3-орунга Бектемир Асылбеков диплом, 4-орунга Мирлан Аскаров чыкты.
Мен “Жылдыздуу жээк – 2025” ыр сынагынын бардык катышуучуларын, анын ичинде финалисттерди куттуктайм.
“Жылдыздуу жээктин” эӊ чоӊ жаӊылыгы Ч.Турсунбековдун “Кызыл короз” ырын өзгөчө көркөм окуган Айтунук Бучукова болду окшойт. Буюрса, чоӊ талант өсүп келаткан экен.
Ушул иштин башында турган Ч.Турсунбеков фондунун жетекчиси Нуржан Тентимишовага жана анын командасына ийгиликтерди каалайм.