V мааракелик Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалында калыстар тобунда болдум.
Жаш акындар. Жалындаган ырлар. Калыс болуу милдети.
Акын Айжаркын Эргешова фотоаппарат көтөрүп, алдыма келип калган экен. Жылмайып сүрөткө түштүм. Бактылуу көз ирмем… Өз жеримде жаш акындардын ырын окуп, угуп, баалоо… Чыгармачыл журт менен төрт күн бою чогуу болуу, черден чыга баарлашуу… Чыгармачылык дем-шык менен, жаңы пландар менен кайтуу.
Чет өлкөлөрдө өткөн конференция, фестивалдарда көп эле жолу болдум. Бирок мен үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн бул фестиваль жан дүйнөгө жылуулук тартуулаган жаркын салтанат.
Жаш таланттардын ынтымагын, кызматташуусун арттырганын көрөм. Фестивалга деп жаш обончу Нуржигит Молдояр Gulumkan Isaevaнын ырына сонун обон чыгарыптыр. Аны кайра-кайра угуп жатам. Бул да фестивалдын бир ийгилиги.
Эгиз козудай ээрчишип жүргөн эки мугалим келин менен тааныштым. Бири Ысык-Көлдөн, бири Баткенден келиптир. Беш жылдан бери келебиз дейт. Эссе конкурсуна катышып, ошондон бери жылда фестивалдын коногубуз дейт. Ошентип Ч.Турсунбеков фестивалы аймактардын мугалимдерин да кызматташтырып коюптур.
Бул фестиваль бардык муундун чыгармачыл өкүлдөрүнүн башын кошуп, жаңы идеяларга өбөлгө да жаратты. Жеке өзүм Өзбекстандан келген акындар менен мындан ары иштешмей болдум. Казак акындары да жакында боло турган иш-чараларына чакырмай болушту.
Мунун баарына данакер болуп жаткан Нуржан Давлетбековнага миң алкыш айтам. Ого эле көп чыгармачыл инсандарды төрт күн бою коноктоп, жол киресинен бери камсыздап, жогорку деңгээлде шарт түзүп берип, ушул фестивалды чакан командасы менен беш жылдан бери чын ыкластан өткөрүп жатат.
Түркияда Айдын Доган фестивалына дипломнигим Айдана Топчубаева баш байгени жеңип алып барганда, бизде да Айдын Догандай чыгармачыл жаштарды колдогон филантроп болсо го деп кыялдангам. Бизде ошондой киши Нуржан Давлетбековна болду.
Фестивалдын уюштуруучуларына кеп-кеңешибизди жакшы айтып, колдоп турсак, эмдиги жылы дагы өзгөчө дем менен акындарга чоң салтанат тартуулашат. Бул ошондой иш. Дем-шыкты талап кылган.
Бар болуңуз, Нуржан эже! Сиз жаш таланттарга ак жолтой төлгө болдуңуз. Фестивалга катышып, мөөрөй алган жаш акындар кандай күнгө калбасын, чыгармачылыктан чегинбейт деп ишенем. Себеби чоң жоопкерчилик артынып, алдыга умтулганга фестивалдан жолдомо алышпадыбы…
Гүлзада Станалиева
