Муздак сууга кир жуубай, ток этер жерин айтайын.
Июндун соңунда көл жээги катуу толкуду. “Акун Ысык-Көл” пансионатында Чыныбай Турсунбековго арналган “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалы бешинчи ирет белгиленди.
Улуу муун, орто муун жана жаш муундун башын бириктирген эл аралык ыр майрамга Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан төбөсү көрүнгөн калемгерлер катышты.
Үч күнгө созулган фестивалда:
✓ акындардын сейил багы ачылды;
✓ төрт лауреатка арналып, бирден көчөт олтургузулду;
✓ жаш акындар ат салышып, жеңүүчүлөр аныкталды;
✓ акындарыдын кыз-жигит “Сармерден” оюну көрармандардын бүйүрүн кызытты;
✓ биринчи жолу мамлекеттик кызматкерлер келип, куттук сөздөрүн айтышты;
✓ жаңы ысымдардын жылдызы жанып, жалпы журтка таанылышты;
✓ актёрлук чеберчилик жана ыр түзүлүшү боюнча семинар-тренинг өттү;
✓ илимдин кандидат, докторлору, доцент, профессорлору жана көрүнүктүү акындар калыстык кылышты;
✓ обондуу ырлар ободо жаңырып, жалындуу поэзия жамгырдай жаады;
✓ Эл акындары, Эл жазуучулары, Эл артисттери жалпы элдин жарпын жазышты;
✓ Чыныбай Турсунбековдун ырлары көркөм окулуп, чыгармачылыгы жөнүндө кеңири сөз болду;
✓ Манас айтылып, комуз чертилип, даректүү тасмалар көрсөтүлдү;
✓ от жагылып, оюн-зооктор уюштурулуп, омоктуу ойлор айтылды;
✓ диплом, жолдомо, акчалуу байге жана баалуу белектер ыйгарылды.
Айтор, тушоосу кесилген жаш акындар да, калеми төшөлгөн маш акындар да, шайтандын мойнун сындырган мас акындар да, атүгүл ичине кара таруу айланбаган кас акындар да кулак кумарын кандырып, жан дүйнөсүн шам-чырактай жандырып, фестивалдын ЖҮРӨГҮ – Нуржан айымга терең ыраазычылык билдирип кетишти.
Алтынбек Исмаилов