Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун жетекчиси Нуржан Тентимишованын демилгеси менен “Акун Ысык-Көл” пансионатында акындар сейил багы ачылды. Поэзия фестивалынын алкагында Кыргыз Эл акындары Акбар Рыскулов, Кожогелди Култегин, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев кызыл тасмасын кесип куттуктоо сөзүн сүйлөштү. Сейил бакта
ачык асман алдында адабий кечелерди өткөрүүгө ылайыкташкан, ошондой эле сейилдеп эс алууга жагымдуу шарттар түзүлгөн.
Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаттарына арналып көчөттөр отургузулду. Акындардын сейил багы кут болсун.