1-орундун жеңүүчүсү Гүлүмкан Исаева
Көгүлтүр көл жээгинде өткөн 5-мааракелик Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалында поэзия сынагы боюнча финалдык бөлүктө Гүлүмкан Исаева 1-орунду ээледи. Атайын статуэтка, диплом жана 40 000 сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Жаш акын Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Бешкент айылында жарык дүйнөгө келген. Учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде педагогика багыты боюнча магистратурада билим алып жатат. “Жан жарык” (2018), “Сезим сонатасы” (2024) ырлар жыйнагы басылып чыккан. Жазуучулар союзунун ардак грамотасы жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун атайын сыйлыгынын ээси.