5-мааракелик поэзия фестивалынын алкагында финалдык бөлүктө баш байгенин жеңүүчүсү болгон, Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Бегайым Нурлан кызы.
Жеңүучүгө атайын лауреат наамын тастыктаган плакетка, диплом жана 100 000 сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Улуттук жазуучулар союзуна кезексиз мүчө болуп кабыл алынды.
Бегайым Нурлан кызы – Кочкор районунун жашоочусу. Кесиби боюнча англис тили мугалими.Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Учурда мектепте иштейт. Жакында Кочкор районунда мектеп директору кызматына дайындалган. 2023-жылы ШКУга (Шаньхай кызматташтык уюму) мүчө мамлекеттер аралык “Жаш авторлор” аталышында өткөн конференциянын катышуучусу (Индия Республикасы, Нью-Дели ш). Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган конкурста Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыктын лауреаты болгон (Талас обл). Үй-бүлөлүү, cүйкүмдүү жар, сүйүктүү эне.
Жаш акындын “Сыйкырдуу саптар” (2014), “Ичтеги бурганак” (2020) ырлар жыйнагы басылып чыккан.
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте 2025-жылдын 01-марттан 15-майга чейин Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка конкурс жарыяланып калыстар тарабынан 5 акын финалдык бөлүккө тандалган. Кереметүү Ысык-Көл жээгинде өткөн 5-мааракелик Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалынын алкагында финалдык бөлүк өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды.