Көгүлтүр Ысык-Көл жээгинде 2025-жылдын 26-29-июнь күндөрү Чыныбай Турсунбеков 5-мааракелик поэзия фестивалы өттү. Жазма акындардын чыгармачылыгына дем берген поэзия фестивалы быйыл 5-ирээт белгиленди. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, КР Маданият маалымат жана жаштар саясаты министрининин орун басары Марат Тагаев катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөштү. Коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын Жазуучулар союзнун өкүлдөрү чакырылды. Кыргыз Эл акындары, маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер, адабиятчылар, акын, жазуучулар, мугалимдер жана акындын замандаштары келишти.
Акын Чыныбай Турсунбековдун өзү негиздеген, чыгармачылык эргүү тапкан “Акун Ысык-Көл” пансионатында поэзия фестивалы жыл сайын уюштурулат.
