«Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун» демилгеси жана Улуттук жазуучулар союзунун колдоосу менен өткөрүлгөн “Жаш Толкун – 2022” II республикалык поэзия сынагына 18 жаштан 35 жашка чейинки 76 жаш акын катышты. Байге фонду 200 000 сомду түзгөн ыр сынагына конкурстук чыгармалар 2022–жылдын 15–июнуна чейин кабыл алынып, калыстар тобунда Кыргыз эл акындар Акбар Рыскулов, Кожогелди Култегин, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлери: Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, акын Нурлан Калыбеков, акын жана журналист Курманбек Рыспаев жана Болотбек Таштаналиев болушту. Калыстар тобуна акын Акбар Рыскулов төрагалык кылды.

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы “Акун Ысык-Көл” пансионатында 1-4-июлда өткөн акын, мамлекеттик ишмер Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалына 35 жашка чейинки 13 жаш акын катышып “Жаш толкун – 2022” поэзия конкурсунун финалы өткөрүлдү.