2022-жылдын 15-ноябрь күнү Нарын шаарында Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун демөөрчүлүгү менен маданий майрам уюштурулуп, 13 орто мектептин жогорку класстарынын ортосунда “Жылдыздуу жээк” жыйнагындагы ырлардан көркөм окуу конкурсу болуп өттү. Бул иш-чара калыстар, көрүүчүлөр жана уюштуруучулар күткөндөгүдөн алда канча кызыктуу жана жандуу жүрдү, анткени, финалисттер чоӊ жоопкерчилик менен мыкты даярданып келишкен экен.
Он үч окуучунун ар бири өзү тандаган чыгарманын маани-маӊызын тереӊ түшүнүп тургандыгын ал ырды көркөм окуу учурунда кошумча кыймыл-аракеттер, үндүн бийиктигин же басаӊдашын орундуу жүргүзүү, жана, керек болсо, маанайдын да өзгөрүп туруусун негизинен ийгиликтүү көрсөтүү аркылуу билдире алышкандыгы калыстар тобундагы беш киши үчүн кадимкидей кыйынчылык жаратып, катышуучулар биринен бири кем калбаган азаматтар экен, буларга кантип баа койуп, кимиси алдыӊкы орунга чыгышын кантип аныктайбыз деген сарсанаа да адегенде жарала калды жана бактыга жараша, ал маселе конкурстун жүрүшүндө өзүнөн өзү туура чечилип, адилет тыянак чыгарууга шарт түзүлдү. Мындайча айтканда, бул маданий майрам финалисттер үчүн эле эмес, калыстар үчүн да оӊой-олтоӊ сыноо болбоду. Конкурстун жобосундагы талап боюнча катышуучуларга төрт тараптан баа берилиши керек эле. Биринчиси, ырдын текстин такалбай, мукактанбай, жатка окулушу; экинчиси, ал ырдын көркөм жана ынанымдуу окулушу, үчүнчүсү, артисттик чеберчиликтин кеӊири колдонулушу; төртүнчүсү, кругозорду текшерүү үчүн берилүүчү кошумча суроолорго таамай,так жооптун берилиши.
Аталып өткөн төрт талаптын биринчи жана экинчисин ар бир финалист жепжеӊил аткарганы менен, үчүнчү жана төртүнчүсүнө келгенде, албетте, айырмачылыктар бадырайып көрүнө баштады. Так ошол мүмкүнчүлүк калыстардын ишин кыйла жеӊилдетти. Чындыгында эле артисттик чеберчиликтин ачылышы же али ачыла электиги, кругозордун кеӊ же тар экендиги, же болбосо, турмуштук тажрыйбанын мол же мол эмес топтолушу боюнча эч ким эч кимге эч убакта окшошпойт жана ар дайым ар түрдүү деӊгээлде кала берет эмеспи.
Калыстар тобундагы беш кишинин бири катары мен эми жеке өзүмдүн алган таасирлеримдин айрымдарын ортого койгончо конкурс боюнча жалпы пикиримди уланта берейин.
“Жылдыздуу жээк” китебин 2021-жылы басмадан чыгаруу учурунда эки сыйра окуп, корректура ишин жүргүзгөнүмдөн улам, Чыныбай акенин ар бир ыры мага жакындан жана жакшы тааныш болсо да, финалисттер көркөм окуу үчүн тандаган ырларды мен дагы кененирээк, толугураак түшүндүм десем түк жаӊылышпайм. Себеби, ырды ичиӊден жеке өзүӊ купуя окуганга караганда, кимдир-бирөө жатка түрдө көркөм окуса аны дагы жакшыраак кабылдоого шарт түзүлөт. Он үч финалист 8 ырды окуп беришти эле, ал чыгармалар менен дагы тереӊирээк тааныштым. Айрыкча «Беш сом» деген ырды беш финалист окуймун ден чечкен экен жана алардын ар бирин угуу мен үчүн чындыгында эле кызыктуу болуп, кунт коюп көӊүл бөлүү аркылуу «Беш сом» ырын дагы башка беш тарабынан караганга жана кабылдаганга жетиштим. Кызыгы, конкурста беш калыс бар, беш окуучу эмнегедир “Беш сом” ырын тандаптыр жана биринчи, үчүнчү, төртүнчү орунга татыктуу деп табылган төрт жеӊүүчүнүн үчөө “Беш сом” ыры менен алдыга суурулуп чыгыптыр. Андан да кызыгы 9-класстын окуучусу Асылбекова Мырзайым «Беш сом» ырын окуган учурда анын мугалими Калиев Жеӊишбек агай кадимки Советтер Союзунун учурунда пайдаланылган беш сомдун купюраны сахнага акырын ыргытып койду эле, Мырзайым болсо аны таап алган лирикалык каармандын апасы менен болгон диалогун андан ары абдан элестүү кылып аткарууга жетишти. Мындан отуз жыл башта колдонуулан чыгарылган акчанын реквизит катары өтө орундуу пайдаланылгандыгы мугалимдин да, окуучунун да конкурсуна өтө олуттуу мамиле кылгандыгын кабарлайт. Эсил кайран эСэСэСэРдин акчасы табылганына караганда, Чыныбай аке өспүрүм кезинде балык уулайм деп баратып жолдон тапкан беш сомдук купюранын нак өзүн деле таап келишкен окшойт деп эрксизден ойлоп мыйыгымдан жылмайдым.
Конкурстун 4-талабы мага ыйгарган укугумдан пайдаланып: “Эгер сен 5 млн долларды кокустан көчөдөн таап алган болсоӊ, анда, ата-бабадан келаткан салтты сактап, “Бул кимдин акчасы?” деген сөздү үч жолу кайталап кыйкырган соӊ гана анын ээси чыкпаса, үйүӊө алып кетесиӊби же эч нерсе дебей туруп эле көтөрүп жөнөйсүӊбү?” деп атайы юморлуу суроо узатсам, Мырзайым болсо: «Мен эч нерсе дебей эле үйдү көздөй көтөрүп жөнөйт болчумун» деп менин тамашамды андан ары улантып жооп берип, залда отургандарды кыраан каткы күлдүрдү.
Биринчи орунга татыктуу болгон 9-класстын окуучусу Таттыбүбүгө: “Чыныбай аке беш сом тапканына сүйүнүп, шекер алдырып ширин чай ичкенин жана дагы көптөгөн муктаждыктарды чечүүгө ал акчанын жеткенин өмүр бою эстеп жүрүп анан ыр кылып жазыптыр, ал эми сен болсо канча акча таап алсаӊ маӊдайыӊ жарылгыча кубанмаксыӊ?” – деп провокациялык суроо узатсам, ойлонбой туруп: “Мен канча көп акча таап алсам деле анын сапаты баяны Чыныбай аке тапкан беш сомго дегеле теӊ келбейт” – деп өтө салмактуу жооп кайтарып, баарыбыздын купулубузга толду. Мындай маанилүү жоопту чоӊ киши деле дароо бере салмактыгынан менин күмөнүм бар.
Экинчи орунду багындырган Назик (11-класс) болсо “Балалык менен коштошуу” деген ырды чоӊ чеберчиликте окуп бүткөн соӊ: “Сен азырынча орто мектепте эле окуйсуӊ, бирок сахнада өзүӊдү эркин алып жүрүүӊ дасыккан артисттердей эле экен, тартынчаактык деген сапатты качан, кантип жеӊип чыктыӊ эле” деп кызыгып собол салсам, ал да ойлонбостон: “Менде тартынуу деген нерсе дегеле жок!” – деп кесе жооп кайтарып баарыбызды курсант кылды.
Үсөнова Айназик (8-класс) “Жылдыздуу жээк” деген ырды эмне үчүн тандагандыгын түшүндүрүп келатып: “Бул чыгармадагы идея мага көп жардам берет деп ишенем, айрыкча душмандарымды жеӊүүгө жардамы тийет деп ойлойм” – деп өз пикирин айткан учурда мен андан шашылыш түрдө: “Токтосоӊ, Айназик сен азыр жапжаш экениӊе карабай, душмандарыӊ барбы?” деп дагы бир күтүлбөгөн суроону бере салдым эле, ал болсо: “Азыр жок, бирок келечекте болушу мүмкүн да” – деди. Мен суроону андан ары улантып: “Чыныбай аке бүт өмүр бою бир да душман күтпөй жашап өттү, а сен эмитеден душманды жеӊгиӊ келгени кандай?” – деп Чыныбай Турсунбековдун авторитетине таянуу аркылуу кайталап суроо берcем, Айназик такшалган саясатчыдан же чеченден кем калышпаган түрдө: “Мен өз пикиримди айтуу учурунда душманым деген сөздү туура эмес колдонуп алдым. Менде азыр душман жок кийин деле болбойт. А бирок убактылуу пикир келишпегендер, кыска мезгил бою каршылашкандар деген сөздү айтышым керек эле” – деп камырдан кыл суурулгандай кылып кырдаалды оӊоп-түзөп кетти.
Он үч финалисттин ар бири кошумча суроолорго негизинен жакшы жооп кайтарышты. Бирок, мен жогоруда атайы мисал катары калтырган төрт жооп өтө салмактуу, маанилүү жана курч болду. Бул деген азыркы мектеп окуучулардын көз караштары мурдагы доордогу өспүрүмдөрдүкүнө караганда кыйла эле жетик экендигин айгинелейт.
Мен жогорураакта бир пикир айтып өттүм эле го, катышуучулар өздөрү тандаган ырларды тереӊ түшүнүшүптүр, жакшылар жатташыптыр, ошон үчүн мыкты окуп беришти деп. Эми ошол ойумду улап ар бир окуучуну атап өтөйүн.
“Элиме” деген ырды Кутман (10-класс), “Жол жана эне” деген ырды Максат (9-класс), “Беш сомду” тандашкан Салтанат (11-класс) жана Асыл (11-класс), “Болочок сүйүү жөнүндө жомок” деген ырды Айнур (11-класс), “Жетимдер” ырын Казыбек уулу Кутман (9-класс), “Апам” деген ырды Асылзат (10-класс), жана ошондой эле “Жылдыздуу жээк” ырын окуган Мухаммед (9-класс) менен Айназик (8-класс) мыкты чеберчиликти көрсөтө алышты. Айрыкча Айназик “Тоолорум” деген ырга обон да жазып жана шоу-бизнестин өкүлдөрүнөн кем калбаган чеберчилик менен аткарып бергенине баарыбыз кубанып, буюрса, келечекте Каныкей Эралиевадай чоӊ композитор, обончу-аткаруучу чыгып калгысы бардыр деп үмүттөндүк.
Нарын драмалык театрынын артисттеринин коштоосунда жүргөн бул маданий майрам баш-аягы алты саатка чейин созулса да абдан кызыктуу өткөндүктөн көрүүчүлөр тажашкан жок.
Калыстар жыйынтык чыгарып, аны жарыялаган соӊ баары дүркүрөтүр кол чабышты.
А биз, Бишкектен барган өкүлдөр, Нуржан эже, Курманбек агай анын жубайы Гүлмира айым, акын Атакан Кожогулов жана мен (Жумадин Кадыров) жасаган ишибизден чоӊ канааттануу алып, уюштуруучуларга, иш-чаранын соӊунда конокторго сый-тамак берген Бактыгүл айымга жана Нарын шаарынын мэри Канболот мырзага ыраазычылыктарыбызды, ырахматтарыбызды айткан соӊ, артка жол тарттык.
Бул күнү чындыгында эле маданий майрам деӊгээлиндеги иш-чара өткөрүлгөндүгү баарыбызды шыктандырып койду. Кудай буюрса, Чыныбай Турсунбеков атындагы фонду аркылуу агартуучулук багытындагы демилгелерди болушунча көбүрөөк уюштуруп, келечектин ээлери болгон жаштар менен байма-бай баарлашып, тажрыйба алмашып турушубуз керек экен.
Аталган конкурстун калыстар тобунун
мүчөсү Жумадин Кадыров.
2022-ж. КӨРКӨМ ОКУУ КОНКУРСУНУН ФИНАЛИСТТЕРИ
| № | Учебное заведение | ФИО ученика | Класс | ФИО учителя | Название стихотворения |
| 1 | Токтогул атындагы №1 мектеп | Каныбек уулу Кутман | 10 | Шабданова Гүлжан Молдогазиев Максат | “Элиме” “Жамгыр” |
| 2 | В.Чкалов атындагы №2 мектеп | Андабекова Таттыбүбү | 9 | Бейшенбекова Аида | “Беш сом” |
| 3 | Э.Ибраев атындагы №4 мектеп | Үсөнова Айназик | 8 | Арпачиева Кенжеайым | “Жылдыздуу жээк”, “Тоолорум” – обондуу ыр, обону катышуучунуку. |
| 4 | Кычан Жакыпов атындагы №5 мектеп | Жумабаев Эмир | 10 | Исмаилова Гульмира | “Беш сом” |
| 5 | Матен Сыдыкова атындагы №7 мектеп | Мустапаева Манат | 9 | Асанбаева Ырыс | “Жол жана эне” |
| 6 | А.Буйлаш уулу атындагы №8 мектеп | Иличбек кызы Назик | 11 | Токтогулова Тумар | “Балалык менен коштошуу” |
| 7 | Ж.Чолпонбаев атындагы №10 мектеп | Кенжебек кызы Салтанат | 11 | Жамангулова Назгүл | “Беш сом” |
| 8 | М.Субакожоев атындагы мектеп-лицейи | Жеңишбеков Мухаммед | 9 | Иманалиева Венера | “Жылдыздуу жээк” |
| 9 | №87 кесиптик лицей | Шерматова Айнура | 11 | Чолоков Рахат | “Болочок сүйүү жөнүндө жомок” |
| 10 | Үсөн Асанов атындагы лицей | Дүйшөкова Асыл | 11 | Айдарбекова Г. | “Беш сом” |
| 11 | Үсөн Асанов атындагы лицей | Бактыбекова Асылзат | 10 | Тынайбекова З. | “Апам” |
| 12 | Абылкасым Жутакеев атындагы мектеп | Асылбекова Мырзайым | 9 | Калиев Жеңишбек | “Беш сом” |
| 13 | Билимкана-Нарын | Казыбек уулу Кутман | 9 | Жунусова Кундуз | “Жетимдер” |
2022-ж. КӨРКӨМ ОКУУ КОНКУРСУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ
| Жеңүүчүлөр | Окуган мектеби | Окуучунун фамилиясы жана аты | Класс | Даярдаган мугалимдин фамилиясы жана аты | Окуган ырдын аты |
| 1-орун | В.Чкалов атындагы №2 мектеп | Андабекова Таттыбүбү | 9 | Бейшенбекова Аида | “Беш сом” |
| 2-орун | А.Буйлаш уулу атындагы №8 мектеп | Иличбек кызы Назик | 11 | Токтогулова Тумар | “Балалык менен коштошуу” |
| 3-орун | Абылкасым Жутакеев атындагы мектеп | Асылбекова Мырзайым | 9 | Калиев Жеңишбек | “Беш сом” |
| «Элдин тандоосу» номинациясы | Кычан Жакыпов атындагы №5-мектеп | Жумабаев Эмир | 10 | Исмаилова Гульмира | “Беш сом” |
