Фонд Чыныбая Турсунбекова объявляет конкурс

Эссе жазуу конкурсу

Эссе жазуу конкурсу жөнүндө эссе

 

Эгемендүүлүк келгенден берки отуз жылдан ашуун мезгилден бери китеп окурмандары үчүн эссе жазуу конкурсу жалпы республикалык деӊгээлде биринчи ирет Чыныбай Турсунбеков атындагы коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, анын финалисттерпи катары табылган он катышуучу 1-4-июль (2022) күндөрү “Акун” пансионатында поэзия фестивалына биринчиден, конок болуп эс алууга жана экинчиден конкурстун кийинки сыноосунан өтүүгө чакырылышкан эле.

1-июль күнү кечинде фестивалдын ачылышына арналган салтанаттуу кечеде адегенде Чыныбай Турсунбековдун басып өткөн  байсалдуу жолун чагылдырган документалдык тасма көрсөтүлдү жана андан кийин “Акун” компаниялар тобунун башкы жетекчиси Нуржан Тентимишовага, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар кошунуну төрагасы Нурлан Калыбековга жана эссе конкурсунун жүрүшүнө негизги жоопкер адам катары мага сөз берилди.

Мындан эки жыл мурун түзүлгөн Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун буга чейин аткарган иштери жана жакынкы келечек үчүн аныктаган максаттары боюнча Нуржан айым жалпы маалымал берген соӊ фестивалдын меймандарына, катышуучуларына жана калыстар тобуна чоӊ ыраазычылыгын билдирди.

Ушуну менен экинчи ирет өткөрүлүп жаткан “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалы чыгармачыл жаштардын ушул учуруна эле эмес, келечегине да оӊ жана чоӊ таасирин тийгизээрине тереӊ ишенгендигин, анткени, “Бешиктеги баланын бек болорун ким билди, карындагы баланын кан болорун ким билди” деп акылман макалда айтылгандай, маданият менен адабиятка өтө эле көп көӊүл бөлүнгөн мезгил небак тарыхтын архивине тапшырылып, ар бир чыгармачыл инсан базар экономикасынын абдан эле катаал шарттарына ыӊгайлашып жашаганга мажбур болгон азыркы кезде жылына бир маал болсо да касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгине чакырылган финалисттердин жана фестивалга  ырларын  жиберген жалпы эле катышуучулардын арасынан залкар акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер жана керек болсо И.В. Сталин сыяктуу дүйнөнү өзгөрткөн атактуу саясатчылар деле чыгып калышы мүмкүн, себеби, кайран Стакеӊ дагы ишмердүүлүгүнүн эӊ башында ыр жазып жүргөндүгүн, андан кийин революциялык  агымдарга аралашканын жана акыры СССР деген эӊ кубаттуу мамлекетти түптөөчүлөрлүн бири катары 30 жыл бою Генсек болуп ийгиликтүү иштегенин, демек,  чындыгында эле фестивалдын катышуучулары менен финалисттеринде эбегейсиз зор мүмкүнчүлүктөр бар экендигин баса белгилеген төрага Нурлан мырза “Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун” ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Экинчи ирет өткөрүлүп жаткан поэзия фестивалы менен бирдикте эссе жазуу  конкурсу биринчи ирет уюшулгандыгын, анын шарты боюнча “Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм” аттуу эскерүү китебинин негизинде эссе жазгандардын саны бири кем алтымыш кишиге жеткенин, алардын ичинен он окурман алдыга суурулуп чыккандыгын жана алар да бүгүн биздин арабызда экендигин, ал финалисттердин күч сынашуусу эртеӊ жүргүзүүлөрүн баяндагандан кийин айрым бир жагдайларга кененирээк токтолуп, буларды айттым:

  • Негизи эссе жазуу конкурсунун идеясы “Бир адамдан бир китеп”  (БАБК) долбоорунун чыгаан ыктыярчыларына таандык.

Чыныбай аганын басып өткөн бараандуу жана байсалдуу жолун чагылдырган “Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм” эскерүү жыйнагы жарык көрөөр замат окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, айрыкча, китеп окууга дилгир жаштарды бир эле эмес бир нече  багытта шыктандыра баштаганы байкалганда, бул ишти  уюшкандыкта жүргүзөлү, ал үчүн эссе жазуу сынагын өткөрөлү деп чечишип, мага кайрылышты. Мен бул сунушту Нуржан эжеге жеткирдим. Ал киши  чын дили менен колдоого алды. Ошентип, БАБК долбоору “Улуу Тоолор” басмасы жана  Чыныбай Турсунбеков атындагы фонду, айтор, үч тарап “бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарууга” жетиштик да жоболорду китеп чыккан соӊ сынакты жарыяладык жана эскерүү китепти сатууну жүргүздүк. Жыйынтык жаман эмес. Жалпы   нусканын жарымына чейинкиси таркады аталган китепти окугандардын арасынан чечкиндүүлөрү конкурска катышып, эӊ мыктылары финалист болуп чыгышты.

Жеке мен өзүм ар бир эссени кунт коюп окуп чыктым жана дээрлик баары менин купулума толду. Айрым эсселер “Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм” жыйнагынын уландысы сыяктуу таасир калтырды. Чыныбай акенин илимде изденгичтиги, акын катары жаӊычылдыгы, ишмердиктеги жол тапкычтыгы, коомдук ишмердүүлүктөгү чечкиндүүлүгү, саясаттагы туруктуулугу, үй-бүлөсүндөгү камкор жана мээрмандыгы, маданият үчүн марттыгы, Кыргызстандын келечеги үчүн кыраакылыгы, чет элдик ортокторунун арасындагы абройлуулугу, айтор, ар тараптан ийгиликтүүлүгү дээрлик ар бир окурмандын жандүйнөсүнүн тереӊинен, жүрөгүнүн эӊ купуя жеринен жай тапканын түшүнүп, эӊ туура иш кылган турбайбызбы, деп кубандым. Кудай буюрса, “Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм-2” жыйнагын көптөгөн өзгөртүүлөр, толуктоолор менен кайрадан жарыялаганда 59 эсседен эӊ күчтүү сүйлөмдөрдү, канаттуу фразаларды, афоризмдерди, лирикалык чечкиндүүлөрдү жана омоктуу ой-толгоолорду үзүндү түрүндө пайдаланабыз.

Эссе жазуу конкурсун жүргүзүү учурунда биз үчүн күтүлбөгөн жагымдуу жагдай бул – мектеп окуучулардын көптүгү. Алар катышуучулардын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгүн түзүшөт. Жазган эсселеринин  мазмуну дагы кыйла жетик. Атүгүл финалисттерди тандоо учурунда эӊ жогорку баллды алууга жетишкен Айтурган болгону 9-класстын окуучусу. Анын баллы 73 санын түздү. Дагы бир окуучу Гюзел (10-класс) 72 балл менен жогорку рейтингдин экинчи орунун ээледи. Ал эми калган окуучулар деле жогорку бааларды алышканы менен, балким, бар болгону  он гана катышуучу тандалмактыгына байланыштуубу, же убакыттын аздыгынан уламбы, же болбосо, дагы башка олуттуу себептерден уламбы, айтор, финалисттердин катарына илинишпегени менен, алардын  дилгирлигин, аракетин жогору баалап, ыраазычылыктарыбызды билдирип койуу үчүн Нуржан эже, Курманбек агай, Айгерим, Сонунбү эжеке жана мен бешөөбүз ээрчишип алып, алты окуучу эссе жазган 68-мектепке жана Токмоктогу Марков орто мектебине (бул жерден төрт окуучу катышкан) жолугушууга атайы бардык. Бирден окуучусу катышкан мектептерге, тилекке каршы, жетишпедик, бирок алар  менен да, албетте, байланышабыз. Эки орто мектепте теӊ биз сюрпризге  кабылдык. Окуучулардын ой-пикирлеринин салмактуулугу, Чыныбай акенин образынан алган таасирлерингин күчтүүлүгү биз үчүн абдан жагымдуу болду жана Нуржан эже чечкиндүү айым катары так ошо жерден дароо туура чечим чыгарып, он окуучуну жарым финалисттер катары фестивалга келип катышуу үчүн чакырды. Мына ошол себептен улам, бүгүн биздин финалисттерибиз он окурман, жарым финалисттерибиз болсо он окуучу. Толук финалисттерди бүгүн фестивалдын катышуучуларына тааныштырып, алардын экинчи таймашын эртеӊ жүргүзөбүз. Ал эми жарым финалисттерди эртеӊ сиздерге тааныштырабыз. Алардын экинчи сынагы бүрсүгүнү жүргүзүлөт. Жеӊүүчүлөр 3-июлда кечкисин өтүүчү соӊ салтанатта жарыяланат, – деп кеӊири маалымат бердим.

Ошентип, Алтынбекова Айтолкун (73 балл), Курманбекова  Гюзел (72 балл), Тентикеева Айзада (71 балл), Кеӊеш кызы Айпери (71 балл), Байтикова Бактыгүл (70 балл), Жумабек кызы Мээримгүл (69 балл), Касымбаева Гүлнур (69 баал), Карыпбаева Аида (69 балл), Жорготаева Макпуба (68 балл), Рысбаева Акмарал (67 балл), Саламатова Бегайым (67 балл), Ибраева Гүлзат (67 балл) жеӊүүчүлөр катары сахнага салтанаттуу түрдө чакырылышып, диплом жана белектерди алышкан соӊ, эртеси сынактын экинчи туруна катышышты.

Жобонун шартына ылайык он суроого жооптор жазуу жүзүндө берилиши керек эле. Ал ишти Нуржан эженин катышуусунда мен жүргүздүм.

Эки сааттын ичинде жооптор да жазылып бүттү жана ал учурдан пайдаланып чын дилден баарлашууга да үлгүрдүк.

Чындыгында түзүлгөн суроолор бүт эле “Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм” деген китептеги маалыматтарга таянуу менен түзүлгөн болчу. Китепти кунт коюп окуган окурман үчүн ал суроолорго жооп берүү дегеле кыйынчылык жаратмак эмес. Эгерде кунт коюп, өтө берилип,  ар бир тексти тереӊ түшүнүп окуган болсо. Бактыга жараша, финалисттер ар бир суроого бат эле жооп жазууга жетишип жатышкандыктан, мен ар бирине кошумча үч суроо менен кайрылдым.

  1. Финалист болом деген ишенич эссе жазган учурда болду беле?
  2. Жеӊүүчү экени интернеттен белгилүү болгондо канчалык кубанычтуу болду жана ошол абалды ушул жерден кайталап көргөзүп берүүгө мүмкүнбү?
  3. Эссе жазуу конкурсунун үч  сыйлыгын алам деген ишенич барбы?

Ушул үч суроого он финалисттин берген жообу ар башкача оригиналдуу болду. Айрыкча, жеӊүүчү экенин билгендеги кубанычтарын тартынбай кайталап беришкендиги сынактын жүрүшүн ого бетер шөкөттөдү.

Он суроонун жообу жазылган барактарды чогултуп алып, туура варианттарды санап чыкканда, биринчи орунду Карыпбаева Аида (9 балл), экинчи орунду Тентикеева Айзада (8 балл) жана Байтикова Бактыгүл (7,5 балл) болсо үчүнчү орунду багындырганы белгилүү болду.

2-июль күнү түштөн кийин өткөрүлгөн салтанаттуу кеченин учурунда жарым финалисттер сахнага чакырылышты.

Алар: Камчыбеков Бекжан (64 балл), Алдеева Элиза (62 балл), Жолалиева Жасмин (62 балл), Асирова Нагима (58 балл), Кубатова Бакиса (58 балл), Мирланова Айдана (56 балл), Эрматова Зарема (54 балл), Болотова Бермет (51 балл), Сабирова Сезим (41 балл) жана Сейдилдаева Мерием (36 балл) эле. Дагы бир окуучу Сайдимарова Сайкал (68 балл) кандайдыр бир себептерден улам бара албай калды.

Бул чечкиндүү окуучуларга да дипломго кошо сыйлыктар берилген соӊ,  алардын ар биринин  китептен жана конкурстан алган таасирлерин кыскача угуу үчүн эки суроо берилди.

Биринчиси: Чакырууну укканда канчалык кубанычтуу болду.

Экинчиси: “Мен  дүйнөгө баланы көзү менен карайм” китебинен кандай баалуу жана керектүү кеп-кеӊештерди алдыӊар?

Он окуучу он башкача жооп беришти. Алардын чын дилинен сүйлөгөн сөздөрү, кубанган учурларын тартынбай көрсөткөндөрү жана өздөрүнүн ички абалдарын юмор аркылуу да түшүндүрө алгандыгы дүркүрөгөн кол чабуулар жана жаркыраган күлкүлөр менен коштолуп, поэзия фестивалынын 2-жолку өткөрүлүшүндөгү эӊ кызыктуу,  жана унутулгус учур катары бааланды. Айрыкча, Жолалиева Жасминдин: “Мен өзүмө Чыныбай Турсунбековдой гана жубай табууну чечтим. Көрсөткүчтөрү ал кишиден кемирээк же ашыгыраак болсо да маакул эмесмин. Мен өзүм үчүн аныктаган образдагы теӊимди сөзсүз табууга аракеттенем” деген сөздөрү ар бирибиздин купулубузга толду жана секелек кыздын кыялы орундалышына тилектештик билдирдик.

3-июль күнү түшкө чейин жарым финалисттер үчүн да жазуу жүзүндөгү сынак өтүп, биринчи орунга Жолалиева Жасмин, экинчи орунга Эрматова Зарема, үчүнчү орунга Камчыбеков Бекжан жетишти.

Бекжан мырза жөнүндө да кыскача айтып өтөйүн.

Финалист жана жарым финалист катары тандалган окурмандардын арасында жалгыз гана Бекжан жалпы эркектердин атынан катышып баардык мырзалардын намысын коргоду. Ал болбосо, жалаӊ айымдар жеӊүүчү катары таймашып калышмак жана матриархат доору Кыргызстанга дагы келиши бир кыйла тезирээк жүрмөк. Андан сырткары Бекжандын таамай, так жана орундуу сүйлөгөндүгү анын билимге дайым умтулгандыгын талыкпай изденип жүргөндүгүн айгинелеп, өзгөчө, Чыныбай Турсунбеков жөнүндөгү көлөмдүү китептен көптөгөн фразеологизмдерди өздөштүргөнүн айтканда жана өзү окуган 68-мектепте да Шарапат эжедей чыгаан жана дасыккан мугалимдерден беш-алтоосу бар экенин билдиргенде, салтанаттуу кеченин катышуучулары кучак толгудай кубанычка кабылышты.

Дагы бир белгилеп койуучу жагдай, жарым финалисттерди коштоп апалар да фестивалга барышкан эле, алар үчүн да ушундай маданий жана адабий майрамга катышуу өтө жагымдуу болгонун айтышып, жалпы уюштуруучуларды жана дагы Нуржан эжени алкашты. Ак баталарын беришти.

3-июлда кечкисин өткөрүлгөн чоӊ салтанатта эссе конкурсунун финалисттеринен үчөө, жарым финалисттеринен дагы үчөө сыйлыктарга, кол чабууларга жана чоӊ кубанычтарга татыктуу болушту.

Ошентип, эссе жазуу конкурсу биринчи эле ирет өткөрүлгөнүнө карабай, өтө чоӊ жыйынтыктарга жетишилип, Кыргызстандын  ар бир окуучусуна, студентине жана жалпы эле каалоочулардын баарына кийинки жылдарда уюштуруулучу эссе жазуу сынактарына кеӊири жол ачылды.

 

Жумадин Кадыров.

Күнү

Сен 08 2023 - Апр 05 2024
Expired!

Убакыт

08:00 - 18:00
QR Code

Конкруска катышуу

Конкруска жазылуу үчүн арыз толтуруңуз