Убакыт зымырап учкан куш дейт. Сен арабыздан кеткениңе беш жыл болуп кетиптир. Сенсиз өткөн алгачкы күндөрдү эстегенде жүрөгүм азыр деле чыдатпай ооруйт. Көп нерсеге өкүнөм. Доктурлардын каршы болгонуна карабай башында эле Түркияга алып кетсек болмок экен дейм. Кийин алар кайра өздөрү мага чалып «Чыныбай Акуновичти Түркияга алып кетсеңер болот, анткени ал жакта аппараттар жакшы, реабилитация тезирээк болот. Биз деле айыктырабыз, бирок ал үчун көп убакыт керек болуп калат» деп айтышканда кана Түркиядан самолет чакырдык. Сени самолётко алып барарда жаныңа жолотпой коюшканда эмнеге алардын ою менен болуп тез жардам машинесине сени менен кошо барам дебей өзүбүздүн машинебиз менен барганга макул болгонума өкүнөм. Жолдо тез жардам машинеси артка бурулуп сени больницага кайра алып барышыбыз керек болуп атат дегенде кудайдан сенин амандыгыңы тилеп боздоп атканда интернетке сенин өтүп кеткендигиң жөнүндө кабар эчак эле тарап балдарыма дос-теңтуштары чалып көңүл айтып башташканын кийин уктум.
Ал күндөрдү унуткум келет. Убакыт дарылайт дешет, бирок андай эмес… Эч ким айыктыра албаган жаралар болот. Алардан жүрөк ооруй берет, болгону оору бираз өзгөрөт – мындан ары биринчи караңгы айлардагыдай курч эмес, бүдөмүк, бирок ошондой эле күчтүү. Ага жөн эле көнүп калат экенсиң.
Кыздарыма ыраазымын. Эржан экөөбүздү жалгыз калтырбай Айдай менен Бегимай үй-бүлөлөрү менен жаныбызга көчүп келишти. Акунубузду алар иштетишти. Колума кол, бутума бут болуп беришти. Сенин атыңдагы фонд түздүк. Сенин «саясаттан кеткенде адабиятка баш отум менен киришем» деген тилегиңи ишке ашырып беш жылдан бери Ысык-Көлүбүздүн жегинде Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалын өткөруп келатабыз. Акындардын ырлары менен бирге сенин да ырларың көл жээгинде жаңырып, сен биздин эле арабызда жүргөндөй сезиле берет. Бул күндөрдү абдан күтөм. Мени кубандырганы күтүдө мен жалгыз эмес экенмин.
«Мен бул фестивалды бир жыл бою күтөм. Ошого, бардык ишимди таштап келдим. Окумуштуулар кеңешинде отчетум бар эле, суранып жатып, аны онлайн тапшырдым.
Фестивалда досторум, калемдештерим, устаттарым, жаш таланттар менен жүз көрүшөм, баарлашам. Бизди жалпы бир аянтка чогулткан бирден-бир фестиваль ушул.
Ыраазы болгондор арбын. Болгондо да объективдүү пикири бар, салмактуу инсандардын баары ыраазы болушту.
Анан жаштар аябай ыраазы. Ынтымактуулугун айтпагыла. Ар бир жеңүүчүнү сүрөп, сахнага узатып жатышты. Жаштардын ынтымагын көрүп толкундандым. Бул – фестивалдын эң чоң жетишкендиктеринин бири.
Бул чыгармачылык гана эмес, социалдык чоң долбоор дагы. Үй-бүлөнү даңктаган фестиваль, аялзатынын кадырын арттырган фестиваль, жаштардын ынтымагын бекемдеген фестиваль.
Суктангандар андан көп. Бул фестиваль башка фестивалдар үчүн үлгү, маяк болуп калды» – деп акын Улукбек Омокеев жазыптыр.
Кыялыңы ишке ашырганыбызды түшүндүм, Чыныбай.
Чыныбай Турсунбековдун жубайы Нуржан Тентимишова
