Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд жаш акындарды колдоо үчүн акыркы эки жылда “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалын өткөрүп келүүдө. Эми аталган фестиваль жаңы деңгээлге чыгып, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жаш акындарынын ортосундагы байланышты чыңдоо, чыгармаларын кеңири таратуу үчүн аянтча болуп калмакчы.

16 – октябрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов залында беш тараптуу Кызматташтык Меморандумуна кол коюлду. Иш чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигиниин орун басары Түмөнбай Колдошев ачып жатып, “Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд” адабиятка чоң салым кошуп, жаш калемгерлердин демине – күч кошуп шыктандырууда салымы өтө бийик экенин баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди. Ал эми Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы Катчысы Султан Раев “Түрк тилдүү адабияты бириктирип анын кеңейтүүдө “Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд” жаш акындардын салттуу аянтчасы болуп калышына өбөлгө түзүп жатканын айтып, фонддун жетекчиси Тентимишова Нуржан Давлетбековнага терең ыраазычылыгын билдирди.

Бирдиктүү иш алып баруу үчүн Кызматташтык Меморандумуна Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы Катчысы Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Улуттук Адабиятты өнүктүрүү борборунун жетекчиси Кожогелди Култегин,Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков жана “Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд” коомдук фондунун негиздөөчүсү Нуржан Тентимишева кол коюшту. Кол коюлган меморандум менен тараптар 5 жылга иш алып барышат. Тараптардын максаттары:

• түрк өлкөлөрүнүн жана региондорунун маданий мурастарына салым кошкон поэзиялардын таланттуу жана жалпы авторлорун колдоо;

• түрк элдеринин тилине жана түрк маданиятына болгон сүйүүнү тарбиялоо;

• түрк элдеринин мыкты поэтикалык чыгармаларын элге жайылтуу;

• түрк элдеринин маданий потенциалын сактоо, улуттук мурастарды өнүктүрүү;

• ”Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалын өткөрүү;